Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Исаковдун иши сотто, бийлик сүйлөшүү маалын белгилей элек


Мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковго каршы козголгон кылмыш иши Бишкек шаардык аскер сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн Исаков “Азаттыкка” берген түз ободогу маегинде билдирди. Баш прокуратура мурдагы министрге каршы майрам күндөргө бөлүнгөн каражаттарга, министрликке таандык техникаларга байланыштуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып таккан. Бул аралыкта бийлик менен оппозиция ортосунда күтүлүп жаткан диалогдун мөөнөтү тактала электигин БЭКтин мүчөсү Мукар Чолпонбаев “Азаттыкка” билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG