Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

И.Исаков: Эл бийликти жек көрүп калды


БЭКтин лидерлеринин бири, мурунку коргоо министри Исмаил Исаков 23-февраль майрамы жөнүндө жана ага каршы козголгон кылмыш иштин чоо жайы тууралуу “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.

- Саламатсызбы Исмаил мырза, бүгүнкү майрамыңыз менен. Майрамды кандай тосуп жатасыз жана кыргыз аскерлери мурдагыдай эле майрамдашты бекен?

- Куттуктоо үчүн чоң ырахмат. Мен да силерди куттуктап кетемин. Ошону менен бирге түз эфирден пайдаланып, бүгүнкү майрамы менен бардык мекенди коргоочуларды куттуктаймын. Аларга жакшы ден-соолук каалоо менен мекенибизге ак кызматтарын өтөп, “эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дегендей дайыма ак калпактуу кыргыз элибизди, ак мөңгүлүү кыргыз жерибизди коргоп, чыныгы патриоттордон болушун каалап кетет элем. Көп жылдардан берки аскер адамы катары мен бул майрамды сөзсүз жоро-жолдоштор, үй-бүлө менен белгилейбиз.

- Сизди мына ушул 23-февраль аскерлер майрамын уюштурган деп айыпташууда. Ошондуктан бул майрамга мурдагыдай каражат бөлүнүп белгиленеби, же ага тыюу салындыбы, сизде кандай маалымат бар?

- Биринчиден, айыптоолор бүгүнкү бийликтин ыплас иштери болуп жатат. Бул бир эле Исаковду каралоо эмес, бүткүл өлкө белгилей турган майрамды каралоо болуп жатат. Себеби дегенде бул күндү майрамдоо элибизде салт катары кирип калган. Аны белгилөө үчүн бир топ негиздер бар. Биринчиден, жаш муундардын патриоттук сезимдерин ойготуу үчүн, ошол жаш муундардын үй-бүлөнү, Ата мекендин коргоочусумун, ошол милдетти мен аткарышым керек деген сезимдерин козгошубуз керек.

Экинчиден, ушул майрам күнгө карата аскер адамдарынын жетишкендиктерин белгилеп, жакшы эмгек кылгандарын баалап, аларга ыраазычылык билдирүү керек. Үчүнчүдөн, мамлекет тарабынан мекенди коргоочуларга дайыма колдоо болорун дайым ачыктап турушубуз керек. Ошондуктан бул майрам дайыма белгилениш керек. Мамлекет ага атайын каражат бөлүш керек. Ал жөн гана “кызыл дата” болуп калбаш керек.

Ал эми бүгүн дем алыш. Кечээ белгилеш керек эле. Андай болбоптур. Себеби белгилөө үчүн эмгек болуш керек. Ал эмгектер бааланып, айтылыш керек. Каражат бөлүнбөсө кантип белгиленет? Ошондуктан бул начар иш болуп калды.

- Исмаил мырза, сизге каршы козголгон кылмыш иш кайсы сотко берилди жана анын шашылыш берилишинин себеби эмнеде?

- Бишкек шаардык аскердик сотко берилгенин маалымдашты. Мунун шашылыш бүтүп, негизи эле ушундай кылмыш ишин козгоп, күнөөлөп жатканынын себеби жакынкы мезгилге белгиленип жаткан президенттик шайлоого байланыштуу. Бул биринчи себеп. Алар Исаковду ошол шайлоого катыштырбоону көздөп жатышат. Бийликтин аброю эл арасында кеткен. Эл бийликти жактырбай эле эмес, жек көрүп калды. Ошондуктан биздин ишти жогору баалагандар көп болуп, Исаков алдыга чыгып кетет деген ой менен тоскоолдук жасалып, менин чыгышыма мүмкүндүк бербөөнү көздөп жатышат.

- Сизге коюлган айыптарга сиздин тарапкерлер тараптан кандай пикирлер айтылып, кандай реакциялар болуп жатат?

- Менин партиялаштарым эле эмес, мени жактагандардын баары нааразычылыктарын билдирип, өздөрүнүн каттарын президентке, бийлик өкүлдөрүнө жазышып, ошону менен бирге коргоо комитеттерин түзүшүп, эгер керек болсо ачкачылык жарыялайбыз, жол тособуз деп жатышат. Бирок андай кадамдардын кереги жок деген кеңешти берип жатам. Менин оюмча калк мени колдоого алып жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG