Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

И.Исаков: Мекенди коргоочулар мамлекет тарабынан колдоого татыктуу


Бул тууралуу генерал И.Исаков “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Ал эфирден пайдаланып Ата Мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук каалоо менен бирге мекенибизге ак кызматтарын өтөп, “эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дегендей дайыма ак калпактуу кыргыз элин, ак мөңгүлүү кыргыз жерин коргоп, чыныгы патриоттордон болушун каалады. Анын айтымында, бул майрамды белгилөө менен жаш муундардын патриоттук сезимдерин ойготуп, “Ата мекендин коргоочусумун, ошол милдетти мен аткарышым керек”,- деген сезимдерин козгоо керек. Экинчиден, ушул майрам күнгө карата аскер адамдарынын жетишкендиктерин белгилеп,жакшы эмгек кылгандарын баалап, аларга ыраазычылык билдирүү керек. Үчүнчүдөн, мамлекет тарабынан мекенди коргоочуларга ар тараптуу колдоо болорун дайым ачыктап туруу керек. Учурда экс-коргоо министри Исмаил Исаковго башкы прокуратура, ал коргоо министрлигинде иштеп турганда 23-февраль аскерлер майрамын уюштуруп, ашыкча каражат жумшаган, министрликке таандык техникаларга байланыштуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагып, кылмыш ишин Бишкек шаардык аскер сотуна ашырган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG