Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

23-февраль - чечен менен ингуштар үчүн аза күтүү күнү


Сталиндик депортациянын курмандыктарына тургузулган эстелик. Грозный шаары.

Сталиндик депортациянын курмандыктарына тургузулган эстелик. Грозный шаары.

Сталин чечен менен ингуштарды сүргүнгө айдаган кейиштүү окуяга 65 жыл толду. Кавказдан 1944-жылы 23-февралда Сталиндин көрсөтмөсү астында Чечен-Ингуш АССРи жоюлуп, күч менен 387000ге чукул чечен жана 91000 ингуш Казакстан менен Кыргызстанга көчүртүлгөн.

Чечен-ингуштардын сырткары СССРдин батышындагы карачай, балкар, кырм татарлары жана башка ондон ашуун улуттагы элдер өз жерлеринен Борбордук Азияга көчүрүлгөн. Сталиндин режими аларды басып кирген фашисттик армия менен кызматташкан деген айып астында алыска сүргөн жана алардын жалпы эсеби 1миллион 400 кишиден арткан.

Депортацияга дуушар болушкан кишилерге бир жакка журт которгонго катуу тыюу салынган. Бул тыюу 1956-жылы Никита Хрущев тарабынан жоюлган. Сүргүндөн тирүү калган чечен жана ингуш элдери өз жерлерине 1957-жылы кайра көчүп келишкен.

13 жылдык сүргүн учурунда алардын жарымына чукулу өлүп жок болушкан. Сүргүндөн кайткандан соң 1990-жылдардан тартып алардын арасында жикчилдик маанай пайда болгонун серепчилер белгилешет.

Советтик кез чечендерди тентиткен күнгө 65 жыл толгонго байланыштуу 19-февралда Грозный менен Лондондо конференция жана семинар өткөн. Эки олтурум тең сталиндик режим запкысына арналса да сүйлөгөндөр чечен маселесинин азыркы абалын кепке алышкан.

Грозный бийлиги уюштурган олтурумда президент админстрациясынын жетекчиси Магомед Селимханов «кийинки 60 жыл арасында ар кыл саясий жана социалдык кыйроого учуроодон чечен эли 400 миңден ашуун өз кулунунан айрылды» - деген.

Сүргүнгө эки жашында айдалган, азыр Орусия Федералдык Советинин коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин мүчөсү Исса Костоев бул күндү эч убакта чечен жана ингуш элдери майрам деп эсептешпей турганын «Азаттыкка» айтат.

«23-февралды биздин элдер аза күтүү күнү катары белгилешет» - дейт Костоев мырза.

Лондондо өткөн семинарда чечен маселесине карата Орусия жана ал койгон Рамзан Кадыровдун саясатын кантип тынчтык жолу менен чечүү кеби талкууга алынган. Улуу Британиялык адам укугун коргоо боюнча профессор Билл Боурингдин айтканына караганда, «1992-жылы эгемендүү мамлекеттерге айланышкан мурдагы советтик жумурияттар сыңары Чеченстан да алардай эле юридикалык укукка ээ».

Олтурумда чыгып сүйлөгөн Чеченстан (Ичкерия) жумурияты өкүмөтүнүн бозгундагы жетекчиси Ахмед Закаев: «Биз бар кезде Чечен жумурияты басып алынган жер деген укукка ээ. Ал (чечен жери – ММ) чындыгында басып алынган жер» - деп белгилеген.

Семинар үстүндө Чеченстандагы жагдай бүтүндөй Түндүк Кавказга тарап баратканын белгилешкен. Ошондуктан президент Дмитрий Медведев кызматка киришүү каадасы өтүп атканда сүйлөгөн сөзүндө «ар бир элдин өз алдынча болууга укугу бар» деген эле. Ошол убаданы Чеченстан алдында аткарып койгондо пайда Орусияга көбүрөөк болмок эле дешкен.

Ал арада 21-22 февралда Дагстан, Чеченстан жана Ингушетияда колуна курал алышкан күчтөр федералдык күч жана жергиликтүү милиция менен кармашкан окуялар болуп кетти. ИТАР-ТАСС жазганга караганда, Урус-Мартан кыштагында эки ОМОН аскер окко учуп, бирөө жарадар болгон.

Ингушетия ордо калаасында да ОМОН аскерлерин аткылоо болуп, кийин Сужен районунда граната менен аткан ок машинеге тийип, ичиндеги милиция кызматкерлеринин бири жарадар болуп, калганы аман калышкан.

Бирок муну башка булактар бышыктай элек. Ал эми орусиялык мамлекеттик сыналгы көрсөткөн тасмада Дагстан ордо калаасында жашынып алышкан куралчандарды үйлөрүн курчап туруп жок кылышкан.
XS
SM
MD
LG