Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Бөрүлү командасы баш байгени утуп алды


Көк бөрү боюнча ИИМдин кубогу үчүн өткөрүлгөн мелдеште аталган министрликтин Бөрүлү командасы менен Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын командасы финалдык беттешүүдө ат салышып, ИИМдин командасы жеңишке жетишти. Бөрүлүнүн улакчылары баш байгеге коюлган “ВАЗ-2107” автоунаасын утуп алышты. Экинчи орунга 150 миң сом, үчүнчү орунга Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын “Дордой” командасы татыктуу болуп, 100 миң сом менен сыйланышты. Көк бөрү боюнча ИИМдин кубогуна 13 команда катышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” спорт боюнча кабарчысы Кабыл Макеш билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG