Изилдөө HelpAge International эл аралык уюмунун каржылык колдоосу астында Борбордук Азиядагы Америка университетинин Социалдык изилдөө борбору тарабынан аткарылган. Борбордун жиберген маалыматына караганда, негизинен балдарын акча тапканы алыска жиберип, өздөрү да түмөн түйшүк менен отурган айылдагы ата-энелерге миграциянын тийгизген таасири, жашоосу иликтөөгө алынган. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 25-февралда аталган университетте баяндамалар жасалып, чакан тасма көрсөтүлөт. (КЕ)