Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Бийлик менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөр, саясий куугунтуктар тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Бириккен элдик кыймылдын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Мукар Чолпонбаев жооп берди.

- Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу менен аксакалдардын 5-февралдагы жолугушуусунан кийин сүйлөшүүнү жүргүзүү боюнча кандайдыр бир кыймылдар болуп, маселе көтөрүлдүбү?

- Аксакалдар менен сүйлөшүүлөрдө бийликтегилер айткан, айып коюлуп аткандардын баардыгы бирден Ак үйгө келип биз менен сүйлөшүп кетсин деп. Бирок андайга БЭК макул болбой, саясий куугунтукка алынып аткандардын ак-карасын аныктаганга бизден атайын комиссия түзүлөт деген. Ошол комиссиянын жетекчиси болуп мен дайындалдым. Ошол эле сүйлөшүүлөрдүн эртеси күнү ушул комиссия түзүлүп, ага ыйгарым- укуктар берилгени катта жазылып, президенттик администрация башчысы Данияр Үсөновго берилген. Андан кийин ортомчу болуп берем деген Ишенбай Абдразаков агайыбызга дагы телефон чалып, ушундай кабарларды бердик дедик эле. Бирок ошондон бери бийлик тарабынан сүйлөшүүнүн күнү да белгиленген жок, чакыруу да болгон жок, биз болсо улам телефон чалып коюп отурабыз.

- Азыркы кезде оппозициялык канча саясатчыга кылмыш иши козголду?

- Биз майда-чүйдө саясий куугунтукка түшкөндөрдү санап келсек булар өтө эле көп экен, 30га жакын адам, көпчүлүгү сыртта качып жүргөндөр. Ал эми БЭКтин лидерлеринен, бюро мүчөлөрү, элдик кеңештин ичинен өзгөчө катуу куугунтукка алынып аткан Жекшенкулов жана анын үй-бүлөсү. Анын инилерине дагы, баласына дагы кылмыш иш козголгон. Азимбек Бекназаровдун да баласына иш козголгон, Эмил Каптагаевге, Исмаил Исаковго иш козголгон, Эркин Бөлөкбаевдин үстүнөн президентти шылдыңдадың деген күнөө коюлуп, анын иши да сотто. Мына ушундай акыбалда турабыз азыр.

- Эмил Каптагаевге байланыштуу Караколдогу соттук иш кайсы деңгээлге жетти азыркы мезгилде?

- Азыр Эмилбек Каптагаевдин үстүнөн бир жарым айдан бери сот процесси жүрүп жатат, айыптоо тарабынан берилген тизмеде 65тен ашык күбөнүн ысмы бар экен, бирок ошонун болгону бүгүнкү күндө 11и сотко келип көрсөтмө беришти. Калгандарынын бири дагы сотко келбей атат жана прокуратура тарап аларды алып келүүгө мүмкүнчүлүктөрү келбей турганын айтып атышат. Анын негизги себептеринин бири - тергөө учурунда Кылмыш процессуалдык кодексинин принциптерин одоно түрдө бузуп, бир тараптуу айыптоо тарабына гана жүргүзүлгөңдүктөн азыр ал күбөлөр сот залына келгенде мурунку көрсөтмөлөрүн өзгөртүшүп, ал кезде тергөөчүлөрдүн басымы менен гана Анапиявди күнөөлөп бергенин айтышат. Азыр болсо сотто чындыкты айтуунун негизинде Анапияевдин дагы, Каптагаевдин дагы жана башкалардын эч кандай күнөөсү жок экенин, эң негизгиси мамлекетке эч кандай зыян түшпөгөндүгү далилденип турат. Мына ушуга байланыштуу прокуратура кызматкерлери азыр күбөлөрдү сотко чакыруудан баш тартышты. Демек эми аркы жумада иш бүтүп калышы мүмкүн.

- Күбөлөр көрсөтмө бербей калса, анда сот кандай жыйынтык чыгара алат?

- Бул биздин мыйзамдарда жазылган, сотолуучунун күнөөсүн далилдеш бул прокуратуранын милдети. Ал эми соттолуучу өзүнүн күнөөлүү эмес экенин далилдөөгө милдеттүү эмес. Ырас ошондой болуп турган кезде күбөлөрүн алып келалбаса, алардын күнөөсүн далилдей албаса, демек сот актоого аргасыз болот да.

- Оппозиция нааразылык акциясын март айына белгиледи , бул куугунтуктарды ого берет күчөтпөйбү?

- Эгерде бийлик өзүнүн алсыз экенин далилдөөгө аракет кылса анда куугунтуктарды күчөтөт. Алсыз бийлик гана күч колдонуу менен аракеттенет. Ал эми күчтүү бийлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өзүнө керектүү туура сунуштар болсо кабыл алып, туура эмес болсо түшүндүрүү маселеси менен иштей алат. Демек мен айтышым керек, репрессия бул алсыз бийликтин гана жасап аткан иши.

- Бийлик менен сүйлөшүү белгиленип калса, анда саясий куугунтуктуу кандай фактылар, же негиздер менен далилдей алат элеңиз?

- Ар бир айтып кеткен кишилерге козголгон кылмыш ишинин баардыгы менен башынан аягына чейин таанышып чыккам, алардын жактоочусу катары. Демек эмне материалдар бар экенин мен билем, мына ошондуктан мен ачык айта алам.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG