Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

“Мээрим Булагы”: Талаштар такталууда


С. Керимкулов:"Мээрим Булагы" адеп түзүлгөндөн бери мурунку район жетекчилер бул балдар үйүно байланыштуу бир топ мыйзамсыз чечимдерди кабыл алынышына жол берген
С. Керимкулов:"Мээрим Булагы" адеп түзүлгөндөн бери мурунку район жетекчилер бул балдар үйүно байланыштуу бир топ мыйзамсыз чечимдерди кабыл алынышына жол берген

21-февралда атайын комиссия Түптөгү “Мээрим Булагы” балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын абалын текшерди. Бул балдардын кийинки тагдыры мына ушул иликтөөнүн жыйынтыгына жараша чечилгени жатат.

Балдарды коргоо департаменти менен Балдар укугун коргоочулар лигасы “Мээрим Булагынын” деректирин бир нече дооматтар менен айыптап жатат.

Балдар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылууда, диндери алмаштырылып, уруп-согууга кабылууда, деп Жогорку Сотко кайрылышкан. Тарбиялануучулардын теңинен көбү тиешелүү документтери жок, саны такталбай багылып жатканы далилденгенин билдиришкен. Ушундан улам мыйзамсыз тарбияланып жаткан балдарды “Мээрим Булагынан” тезинен ажыратып алуу үчүн адисттерден турган комиссия менен барган.

20-февралда Түптө аталган райондун акими жана аймактын Балдар иштери боюнча комиссия мүчөлөрү чукул жыйын курду. Анда Балдарды коргоо департаментинин жетекчиси Толкун Бекбулатова колунда турган бир нече фактылардын негизинде мында багылып жаткандардын ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч бар экенин айтты. Балдарды тезинен “Мээрим Булагынан” алып кетүүнүн зарылдыгын баса белгиледи:

- Биз, балдарыбыз мектепке барбай калса, “ай, эмнеге барган жоксуң”, деп жанталашып мектепке жөнөтөбүз. Эмне үчүн ал (Гүлнара Дегенбаева), билип туруп балдарды мектепке жөнөтпөйт. Балдар каяктагы бир жер-жемиштер сакталып турган кампаларды кайтарышат. Бул балдардын укугун бузуу болуп саналат. Эмне үчүн ал өз колу менен балдарга справка жазып берет? Дегенбаева балдарына “куландан соо” деген справкаларды жазып бергендигин дадилденген документтер бар.

Түптүн акими С. Керимкулов менен Балдарды коргоо департаментинин жетекчиси Т. Бекбулатова
Түптүн акими Саматбек Керимкулов жыйын соңунда балдарды “Мээрим Булагынан” убактылуу ажыратып алууга макулдугун берип, токтомго кол коерун билдирген болчу. Бирок эртеси аким мазмуну бөлөк токтом токуду:

- Азырынча балдарды алып кетүүну токтото туруп, биринчи ошо балдардын ата-энелерин таап, эгер алар макул болсо, шарты болсо ата-энелерине кайрып бериш керек. Андан кийинки ишти комиссиянын ишинн жыйынтыгына жараша жасалмакчы. Ушундай чечимдерге келдик.

Балдардын психологиялык абалын, ден-соолугун документтерин текшерген комиссия жалпы жыйынтыгын жакында билдиргени жатат. Бирок айрым жагдайлар азыр эле тактала баштады. Мисалы Түптөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Жаныш Макешов “Мээрим Булагындагы” балдардын саламаттыгын жалпысынын дурус деп баалады:

- Отуз үч баланын ичинен он төртүндө аз кандуулук байкалды. Богок оорусу менен ооругандары жетөө. Негизинен балдардын ден-соолуктары жакшы.

"Мээрим Булагындагы" өспүрүм балдар өздөрү тарбияланып жаткан балдар үйүнө байланыштуу ызы-чуу тууралуу кабары бар
Соңку текшерүүгө чейин “Мээрим Булагы ”бир канча жолу иликтөөгө алган. Акыркы жолу депутаттык комиссия келип кеткен. Бирок мында балдар катуу жаңжал салган.

Бишкек шаардык мэриянын алдындагы Багуусуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун башчысы Алексей Петрушевский балдардын мындай аракеттерин алардын психологиялык зомбулукка кабылышы катары баалайт:

- Балдар психологиялык зомбулукка кабылган. Балдар чоңдордун проблемаларын чечүүгө аралаштырылган. Балдар тууралуу конвенцияда, кодексте жанан Конституцияда да балдар чоңдордун укугун талашсын деп жазылган эмес.

“Мээрим Булагынын” деректири Гүлнара Дегенбаев өзүнүн балдар үйүно байланыштуу териштирүүлөрдү имарат талашка байланыштырат:

- Булар азыр имаратка эч кандай тиешебиз жок деп айтып жатышпайбы. Бирок акыркы күндөрү биздин Ысык-атадагы ден-соолукту чыңдоо борбору тууралуу аябай жаңжал чыкпады беле. Бул бир. Экинчи себеп, бул жердеги чиркөөбүз талашка түштү. Ушул эки имарат бийликке керек болуп жатат. Рейдердик басып алуу болуп атат.

"Мээрим Булагынын" эң кенжелери
Түптөгү “Мээрим Булагында” азыр 33 бала тарбияланып жатат. 1999 жылдан бери жалпысына жүзгө жакын бала багылган. Түп районунун азыркы акими бул балдар үйү түзүлгөндөн тартып аталган райондун мурунку жетекчилиги мыйзамга төп келбеген бир топ чечимдер кабыл алгынын моюнга алган. Эми бул мүчүлүштүктөрдү балдар тагдырына кедергисин тийгизбей жоюу үчүн аракеттерин көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG