Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

Алай районунда генерал Исаковду колдоо комитети бийлик тарабынан куугунтук токтотулбаса, Бишкекти карай жөө жана ат жүрүш жасап, Ак үй алдында ачкачылыкка чыгарын жар салууда.

Башкы прокуратура мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун үстүнөн үч кылмыш ишин козгогондугун мурун кабарлаган элек. Отставкадагы генерал бир нече беренелер боюнча айыпталууда. Исмаил Исаков «Азаттыкка» сүйлөгөн сөзүндө өзүнүн жана Азимбек Бекназаровдун «көзүн тазалоо» тууралуу бийликтен жашыруун буйрук түшкөндүгүн айтып кетти. Бул жөнүндө генералга коопсуздук кызматынын адамдарды өздөрү билдиришкен.

Алайда ишке киришкен комитеттин башкы максаты - Бириккен элдик кыймылдын жолбашчыларынын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго карата бийлик тарабынан саясий куугунтуктоого бөгөт коюу. Бул туурасында уюмдун мүчөсү, отставкадагы полковник Кадырбек Батыралиев «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү баян этти:

- Исаковдун 3 жылда кылган ишин биз көрдүк. Бул иштер Союз маалында да жасалган эмес. Бул кишини жеп койду дегени чындыкка жатпайт. Бул чындыгында эле репрессия болуп атат, оппозицияда кимиси болбосун өзүнө, инисине деле, аялына, бажасына деле иш козгоп атат.

Полковник Кадырбек Батыралиев Алай районунун тургундарынан азырынча 500дөн ашык кол топтолуп, Президент Бакиевге жөнөтүлгөндүгүн, эгерде бийлик жердештеринин үнүнө кулак төшөбөсө тоолуу өрөөндүн жигиттери Бишкекти карай жөө жана ат жүрүшкө чыгарын эскертти.

Район борбору Гүлчө айылынын тургуну Элмира Мырзакулова алайлык энелердин кабатырлануусун мындайча билдирди:

- Бийликтин мындай көз карашына аялдардын атынан өтө каршыбыз. Азыр Алай элинин кыжыры кайнап турган кези. Оппозицияга, Исмаил Исаковго болуп аткан куугунтуктоону Бакиев жана анын жанындагы бийликте тургандар тез аранын ичинде токтотпосо, ушул кишилер үчүн керек болсо Акүйгө чейин барып ачкачылык жарыяланга дагы макул болуп турабыз.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук штабынын жетекчиси Манас Эргешов уюмдун башкатчысы катарында Исмаил Исаковду толук колдой тургандыктарын ачыктады:

- Бийликти туура түшүнүш керек. И.Исаков президенттин душманы эмес. Себеби бул адам азыркы өкмөттүн кетирип аткан кемчиликтерин ачык бетине айтып атат. Жылмалап, жасакерлик кылып, пайда табайын деп аткан жери жок. Эл кабатыр болуп атат. Ошол эле Исаковдун үстүнөн козголгон иштер токтотулсун, антпесе эл митинге чыгышат.

Ош облустук адилет башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахман Таштанов Исаковду колдоо комитетинин аракетин бийликке ультиматум сыңары эсептейт:

- Мамлекеттик катоодон өтмөйүнчө эч кандай фонд, же коомдук бирикме болобу, коомдук уюм болобу иш-аракет жүргүзүүгө мыйзам чегинде тыюу салынат. Биринчиден, ошондой ультиматум кое албайт. Исмаил Исаковду мен жакшы тааныйм, урмат кылам, күнөөсү жок болсо, өзү деле жаш бала эмес, депутат болуп жүрдү, абдан грамотный адам, өзүн өзү кеңири актай алат. Ал эми куугунтуктады дегенге мен кошулбайм. Эгерде мамлекеттик органдын ишине нааразы болсо, анын арыздануу, даттануу тартиби бар.


XS
SM
MD
LG