Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Ошто акыйкатчынын үстүнөн даттангандардын арызын сот четке какты


Акыйкатчынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн мурдагы юрист-кеңешчилери Юруслан Истанов, Худаяр Нарматов, Темир Бегматов Турсунбек Акунду кыскартууга шылтоолоп, үчөөнү тең кызматынан мыйзамсыз бошоткондугу жөнүндө даттанып сотко кайрылышкан. Ош шаардык соту алардын арызын карап чыгып, акыйкатчынын буйругун күчүндө калтырды. Жергиликтүү «Прогресс» бейөкөмт уюмунун директору Эрнис Толтоев Турсунбек Акундун Акыйкатчы институтунун аймактардагы штаттарды кыскартуусун популизм, президентке жагынуу сыңары баалап, өкүлчүлүктөрдү жаңы кесипкөй күчтөр менен толуктоо зарылдыгын билдирди. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG