Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Орусияда «Новая газета» гезитинин киши колдуу болуп өлгөн журналисти Анна Политковскаянын иши боюнча сот чечимин чыгарды. Калыстар чечими негизинде күнөө коюлуп аткан ага-ини Жабраил жана Ибрагим Махмудовдор, Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Сергей Хажыкурбанов, ошондой эле ФСБнын подполковниги Павел Рягузов айыпсыз деп табылып, сот залында бошотулду.

Москванын аймактык аскер соту бейшембидеги отурумунда ишти кайрадан иликтеп чыгууну Орусия прокуратурасынын алдындагы Иликтөө комитетине тапшырды.

Политковскаянын үй-бүлөсү менен «Новая газетанын» өкүлү сот айыпсыз деп тапкандардын кылмышка тийиштиги бар болгонун айтышат. Анна Политковскаяны 2006 жылы 7-октябрда Москвада өзүнүн үйүнүн алдында белгисиз бирөө атып кеткен.

Эки жылдан ашуун созулган тергөө иштери “Политковскаяны ким аткан жана ким тапшырма берген?” деген суроого жооп таба албай келет.

Серепчилер Политковскаяны өлтүрүүгө ФСБ кызматкерлеринин аралашып кетиши ишти дурустап иликтөөгө жолтоо болууда дешет. Политковскаяны өлтүрүүгө тапшырык Чеченстандан келген деген жоромолдор да аз эмес. Башкалардын баамында, бул ишке Кремлдин тийешеси бар. Дагы башка байкоочулар бул кылмыштын артында орусиялык бийликке касын тиккен, дүйнөлүк коомчулук астында Путин-Медведевдин аброюн түшүрүүнү каалаган бирөө турат.

Айрым серепчилер «Политковскаянын ишин иликтөө - Орусиядагы кылмышкерлер түзүлүшү менен милиция жана атайын кызматтагылар эриш-аркак экендигинин бетин ачып берди» дешүүдө.

Айыпталуучулардын адвокаты Мурад Мусаев буларды айтат:

- Присяжныйлар чыгарган бүтүм – ишти иликтемиш эле этилгенинин күбөсү. Буга окшогон иште кылмышкерди издештин ордуна алар үчүн кимдир бирөөнү ушул кылмышкер деп көрсөтүү адат.

Сот отурумуна катышып келген журналисттер болсо, “Политковскаяны өлтүрүүгө абдан көп кишинин катыштыгы бар экени көрүнүп турат” дешет. Мамлекетик айып тагуучу же бул иштин прокурорунун бири Вера Пашкова болсо, “сот ишинин жүрүшүндө мыйзамды олуттуу бузууга жол берилди. Ошого байланыштуу Жогорку сотко кайрылабыз” дейт.
XS
SM
MD
LG