Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

АКШнын баалуу кагаздар базары кайрадан кескин төмөндөдү


Нью-Йорк биржасында дүйшөмбү күнкү сооданын жыйынтыгында негизги индекс Доу Жонсто дээрлик 3,5%га төмөндөдү. Муну менен АКШнын негизги биржалык индекси акыркы 12 жылдагы эң төмөнкү чекке түштү.
Аналитиктер акциялардын арзандоосун инвесторлордо азыркы экономикалык кризистен жакынкы арада чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ишеним жоктугу менен байланыштырышууда. Жаңы администрациянын банк чөйрөсүн турукташтыра аларына да шек саноо бардай.
Акциялардын бул акыркы арзандоосу алдында эле АКШнын каржы министрлиги банктарды куткаруу планын кайра караганын, эгер талап кылынса, кыйынчылыкка кабылган каржы институттарында өкмөттүк көзөмөл күчөөрүн жарыялаган болчу.

Кечээ эл аралык базарда мунай баасы да ылдыйлап, Нью-Йорк биржасында кара майдын бир баррели 38,44 $ Лондон биржасында 40, 99 $га бааланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG