Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

ЕӨБ: Кыргызстандын улуттук акчасы нарксызданып кетиши мүмкүн


Дүйнөлүк кризистин таасирин эске алган Европа өнүгүү банкынын эксперттери Бишкекте жасаган баяндамасында ушинтип билдиришти. Өнүгүү банкынын эксперттери Казакстан менен Орусиядан эмгек мигранттары жөнөтүп келген акчанын эсеби азайып, ал өз кезегинде Кыргызстандын соода, тейлөө тармагына терс таасир этиши ыктымал деп болжоду.
Эксперттер дүйнөлүк экономикалык кризистин кесепетинен Кыргызстанда экономикалык өсүш 4%ти, инфляция 13%ти түзөт деп болжошту. Ушундай жагдайларды эске алган ЕӨБ өкмөткө энергетика тармагын коммерциялаштырууну, аз камсыздалган калкка колдоо көрсөтүү аркылуу электр энергиясына тарифти көтөрүүнү, депозиттерди колдон келишинче коргоп, көзөмөлдү күчөтүүнү тездетүүнү сунуштоодо. ЕӨБ эксперттери Кыргызстанда өткөн аптада боушту. ЕӨБ өзү кызматташа баштаган 1994-жылдан бери Кыргызстанга 250 млн. евро кредит берген. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG