Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Мугалимдердин СПИД тууралуу сабатын жогорулатуу зарыл


Улуттар Уюмунун жаңы баяндамасында Кыргызстанда СПИД тууралуу мыйзамдар жана мамлекеттик программалар болгону менен, өлкөнүн Билим министрлиги бул илдеттин алдын алуу боюнча окутуу программмаларын мыйзамдаштыра электиги айтылган. Дени сак жашоону калыптоо боюнча суроолорду талкуулоого шарт жоктугу белгиленген. Ушундан улам мугалимдердин да, окууучулардын да бул жаатта билгендери аз экени көрсөтүлгөн. Сурамжылооого катышкан мугалимдердин дээрлик баардыгында ВИЧ тууралуу маалымат болгону менен, бул оору кантип жугаары тууралуу туура жоопту 37,5 пайызы гана берген. Он пайызы таптакыр эле башка ыкмаларды айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG