Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Т.Тургуналиев: Аксыдагы БЭКтин штабынын иши канаатандырарлык


Бул тууралуу БЭКтин активдүү мүчөсү Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Аксы районундагы жолгушууларда БЭКтин Кыргыз элине жана бийликке кайрылуусунун тегерегинде сөз болду. Тургуналиев ошондой эле үч күн мурда Кара-Суу айыл өкмөтүндө эл менен жолугушуу болуп, анда өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, жаңы Салык кодексинин тийгизүүчү терс кесепеттери, саясий куугунтукту токтотуу маселеси талкууланган. “Кара-сууга өткөн аптада облустун администрациясынан өкүлдөр келип Моло таш алтын кенин иштетүү маселесин козгогондо, жергиликтүү эл алтын кенин иштетүүгө каршы болушуп, кенди жабуу тууралуу чечим кабыл алышыптыр”,-дейт Тургуналиев. Ал ошондой эле алыскы аймактардагы карапайым эл турмуш шарттын начарлаганына, кымбатчылыкка, электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы болушканын кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG