Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:41

Б.Бакетаев: Кыргызстан коррупциялуу өлкө болуп калууда


Бул тууралуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин төрагасы Бакыт Бакетаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан коррупция боюнча 180 мамлекеттин ичинен 166-орунда турат. "Быйыл жогорку окуу жайларына кирүү экзамендерине Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин өкүлдөрү катышып, ар бир абитруент жооп берген билеттерге мөөр басышат. Учурда биз төмөнкү тепкичтеги коррупцияны жоготуунун амалдарын издеп жатабыз. Буларга мектеп, ЖОЖ, бейтапкана, балдар бакчасы сыяктуу калк көп барган мамлекеттик мекемелер кирет. Булардагы коррупциянын саны азайса жогорку тепкичтегилерди жоготууга жеңил болуп калат”,-дейт Бакетаев. Ал ошондой эле Кыргызстандагы мыйзамдар көбүнчө коррупцияга каршы иштерге ылайыкташтырылбаганын, бул багытта укуктук жактан аксап жатканын кошумчалады. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG