Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Чаткалдын авто жолун кар көчкү басты


Жалал-абат облусунун Чаткал районуна караштуу Красная горка-Ак таш авто жол каттамынын 7 жана15-чакырымында кар көчкү 23-февралда саат 16лар чамасында түштү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдысамат Паязов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алдын ала алынган маалыматтар боюнча кар көчкүдөн жабыр тарткандар жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Паязов ошондой эле былтыр жер титирөөдөн жабыр тарткан Алай районунун Нура айылында учурда көйгөйлөр жоктугун, ал жердеги абал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан дайыма көзөмөлдөнүп турганын кошумчалады. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG