Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:34

Авиакырсыкты иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыга элек


Бул тууралуу былтыр авикырсыктан курман болгон эки баланын ата-энелери Замира Ибаимова менен Жумгалбек Касымалиев “Азаттыкка” билдирди. З. Ибримованын айтымында, анын баласы учакта кайсы жерде отурган, учак жарылганда ким кандай аракеттерди көргөндүгү тууралуу эмгиче маалымат жок. Ж. Касымалиевдин билдиришинче, бул ишти тергеп жаткан Баш прокуратуранын тергөөчүсү Жылдызбек Исмаилов аларга тергөө иштери жалпысынан аяктаганын, бирок Эл аралык авиация комиссиясы чечимин кечиктирип жатканын айткан. Кырсык болгондон кийин алты айдан соң жабыркагандарга компенсация төлөп берүү күчүнө кирерин билдирген. Бишкектен Тегеранды карай учуп бараткан учак борбор шаардан анча алыс эмес жерден кыйраганына бүгүн туура алты ай болду. 2008-жылдын 24-августунда учак жарылып 66 адам каза болгон, алардын ону кыргызстандык, калгандары иран жарандары эле. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG