Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

«Кылым шамы» укук коргоо уюму өткөн Орозо айттагы Ноокаттагы тополоң боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Аталган уюмдун башчысы Азиза Абдырасулова бул окуянын тегерегинде “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Ноокат окуясы боюнча жергиликтүү соттордун өкүмү белгилүү. Сиздин оюңузча, бул окуянын түпкү себеби эмнеде?

- Негизинен Ноокат окуясы жасалма түрдө, атайын ойлоп чыгарылган маанайда, атайын провокациялык деңгээлде болгон окуя болгонуна биздин комиссиянын мүчөлөрү көзүбүз жетип атат. Себеби жылына өткөрүлүп турган майрам, ойнотулуп турган утуштар 2008-жылдын 1-октябрында жөндөн жөн эле тыюу салынып, элдердин нааразычылыгына алып келген. Аянтка уруксат берип коюп, эмнегедир 1-октябрь күнү аянтты жаап милиция менен курчатып койгон. Элдердин негизги нааразычылыктары ушундан келип чыккан.

- Атайын уюштурулуп, бирок катуу жазалап, «Хизб-ут Тахрирге», же диний уюмдарга тиешеси барларга катуу жаза берип, “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей саясат болду дейсизби?

- Ошондой эле саясат болду. Бул окуяга түпкүлүгүнөн, негизинен маани бере турган болсок, 2007-жылы Кылмыш кодексине 295-берене киргизилген. Ал берене сепаратисттик деген атка ээ болуп, ошонун негизинде 15 жылга чейин камоо колдонулат. Андан башка 2007-жылдын январь айынан баштап жер-жерлерде координациялык кеңеш түзүлүп, ал координациялык кеңештерге жергиликтүү имамдар, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, ички иштер бөлүмүнүн башчылары, 9-бөлүм дегендин, ошондой эле жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү кирип, ушундай бир таң калаарлык кеңештер түзүлгөн. Бул Конституцияга түздөн-түз карама каршы келип, дин мамлекеттен бөлүнгөн деген принципти жокко чыгарып, дин менен мамлекет биргелешип алып, жер жерлерде “Хизб-ут Тахрир” уюмуна, экстремиссттик уюмдарга кирген деген жарандардын тизмелери пайда болгон. Ал тизмеге кирип калганын жарандар өздөрү билген эмес.

Баарынан таң калыштуусу ошол тизмелерге үй-бүлөсү боюнча жаны эле төрөлгөн балдар, 80-90го чыгып калган кемпир-чалдардан бери катталган. Мына бүгүнкү күндө ошол Ноокат окуясынын уландысы болуп Өзгөн, Кара-Суу, Араванда 9-бөлүмдүн кызматкерлери эч кандай алдын-ала эскертүүсүз, үйүндө эч ким жок болгондо тинтишип, баракчалар табылды деген кине менен массалык репрессиялык түрдө камакка алуу улантылып атат. Ошолордун баардыгына мурун 299-берене боюнча айып коюлуп келген болсо, азыр 295-берене менен айып коюлуп, кармалгандардын баарына 15 жылга чейинки эркиндигинен ажыратуу коркунучтары болуп атат.

- “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөлөрүн куугунтуктоо тууралуу айтып жатасыз, алар да Конституциялык бийликти кулатуу, халифатты орнотуу идеясын таратып, ошонун үстүнөн такай иштеп келатканы маалым. Мүмкүн алар дагы ошол учурда ушундай өзгөртүүнү көздөп келишкендир?

- Кечирип коёсуңар, туура, мен дагы укук коргоочу катары Кыргызстанда халифат орноп калышына каршымын. Бул жерде эки нерсе турат. Биринчиси, ошол халифат орнотобуз деп айтканы менен алар сөз жүзүндө болуп атат дагы, колуна курал алган жок, күч колдонгон жок. Анан алардын айткан сөзү үчүн 15 жылдан камалганы өзү туура эмес. Экинчиден, мени коммунисттер кечирип койсун, ошол коммунисттердин деле максаты бүгүнкү күндө Конституциялык түзүлүшкө каршы келет да. Бүгүнкү күндөгү Конституциялык түзүлүштү өзгөртүп, башка коммунисттик түзүлүшкө алып барууга, мурунку Советтер Союзунун түзүлүшүнө алып барууга аракеттенген партия болуп эсептелет. Анан коммунисттерди эч ким куугунтуктабай эле, алар закондуу эле түрдө иштеп атышпайбы. Мен “Хизб-ут Тахрирге” мыйзамдуу уруксат бергиле деген ойдон алысмын. Мен экинчи нерсени айткым келет, мамлекеттик деңгээлде кандай идеологиялык иштер алып барылып атат, “Хизб-ут Тахрир” эмне экени боюнча элге ким түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атат...

- “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөсү болгон адамдарды жеңил жазалоо Кыргызстанда деп айтылып келатат. Бирок алардын Ноокат окуясында акимиатты ташбараңга алгандыгы үчүн деген айып менен күнөо коюлганы маалым...

- Акимиатты ташбараңга алгандыгы үчүн дегенде ошол акимиатка келген зыян, ташбараңга алгандын, массалык башаламандыктын өзүнүн беренеси бар. Бирок ошол 32 адамдын акиматтын алдында болгондору дагы, башка жактарда жүргөңдөрү дагы 7-8 берене менен күнөөлөнүп атат. Ал жерде кимдин канчалык деңгээлде күнөөсү барлыгы, ким таш ыргытканы, ким уюштурганы терең иликтенген эмес. Ким ошол жерде болду, же болбоду деп иликтенбей эле, колго түшкөндөрдүн баардыгын сегизден берене менен айып коюп туруп, 20 жылдан камагандыгынын өзү дагы туура эмес. Бул Кыргызстандын өзүнө дагы жакшылык алдып келбейт, бул “Хизб-ут Тахрирлерди” жок кылууга көмөк бербейт, элди коркутпайт, тескерисинче бул аларды көмүскөгө кеткенге, ал уюмга жан тарткандардын санын көбөйткөнгө өбөлгө түзөт.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG