Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Аликбек Жекшенкуловдун инисинин камактагы мөөнөтү дагы 23 күнгө узартылды


Суу түтүктөрү боюнча туура эмес тендер өткөргөн деген айып менен кылмыш иши козголгон Таалайбек Медеркулов мурда Балыкчы шаарынын вице-мэри болуп иштеген. Учурда шаардык кеңештин депутаты. Анын жактоочулары менен жергиликтүү депутаттардын айтуусунда, таза суу чыры Медеркулов кызматтан түшкөндөн кийин башталган. Оорукандан жаңы чыккан Медеркулов 9-февралда Балыкчы шаардык тергөө абагында камалганда, ден-соолугуна байланыштуу сот болгончо убактылуу бошотулаары убада болгон. Бирок түрдүү себептер менен ал 20-февралга, андан кийин 18-мартка калтырылды. Анын себебин облустук прокурордун орун басары Дөөлөтбек Зооронбаевден сурасак, соттун чечимин аткардык дейт. Таалай Эралиев болсо прокуратуранын арызын канаттандырганын билдирди. Медеркуловдун кылмышы аныкталгыча анын абактагы абалы начарлоодо. Көпчүлүк бул ишти соттолуучунун агасы Аликбек Жекшенкуловдун оппозициядагы ишмердүүлүгү менен байланыштырып, саясий тапшырма катары кабылдоодо. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG