Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Коррупциянын тамыры табыла элек


Дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан коррупциялашканы жагынан 166-орунда турат. Паракорлук бийликтин эң төмөнкү бутагынан жогоркусуна дейре кенен жайылган. Коррупцияланган өлкөгө чет эл инвестициясынын келиши күмөн.

Кыргызстанды туташ дегидей каптаган коррупцияга каршы күрөшүүчү топ кызматтын катарына жакындан бери Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши кошулуп, эми алар өлкөнүн эларалык кадыр-баркын көтөрүүгө белсенип кирише тургандыгын ырасташууда. Коррупцияланган өлкөгө чет эл инвестициясынын келиши күмөн. Жалаң ишкерлердин чөнтөгүн аңдып отурган аткаминерлердин "жемсөөсүн" толтурууну ким эле каалап отурсун.

Кыргызстандагы кытайлык ишкерлердин ассоциация жетекчиси Бай Си мырзанын айтуусунда, коррупциядан чочулаган мекендештеринин көбү ишин жыйыштырып өлкөсүнө кайтып кетишти.

- Ишкерлердин көбү ушул жерде болчу, кетип калышты. Себеби карап көрүштү, өтө эле көп сурашат экен. Кыргызстанды бутунан тушаган ушул коррупция болууда. Болбосо эки-үч жыл ичинде экономиканы көтөрүп коюуга болот эле.

Кыргызстанда ишкердик кылган ирандык ишкерлердин деле тилеги коррупциянын азайтылышына жетишүү экенин ирандык бизнесчилер ассоциациясынын жетекчиси Мохаммад Гафари белгиледи.

- Беш жылдан бери ушул жерде иштейм. Коррупция бутка будоо болгон илдетке айланып калган. Коррупция менен жалгыз күрөшүүдөн натыйжа болбойт. Ишкерлер кеңеши, коррупцияга каршы агенттик, башка түзүмдөр жалгыз-жарымдап эч нерсе жасай алышпайт, бул өзү ар бир инсандын иши болуп калышы керек.

Коррупцияны алдын-алуу агенттигинин алдында түзүлгөн Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Бакетаевдин ырасташынча, коомду толугу менен каптап калган илдетти азайтыш үчүн ириде мыйзамдагы алешемдиктерди жок кылуу зарыл.

- Биз азыр эң негизги басымды эң чоң коррупция эсептелген биринчи тепкичтеги коррупцияны жок кылганга аракет кылбасак, бул коррупцияны оңой менен эчким жеңе албайт. Азырынча эчким жеңе элек. Бул өзүнчө саясатта, экономикада боло бере турган иш экен. Бирок ошону кескин түрдө аракет кылышыбыз керек. Менин оюмча, биз биринчи тепкичтерден баштап кийин жогорку тепкичтерге келбесек, азыр ылдыйынан көтөрүлө албай жатабыз.

Б.Бакетаев коррупцияны алдын-алуу агенттиги ушу тапта жер-жерлердеги ыктыярдуулардын көмөгү менен коррупциялык фактыларды таап жатышканын, айрым мыйзам сактоо, жергиликтүү башкаруу, жогорку билим тармагындагы кызматкерлерге каршы кылмыш иштери козголгонун маалымдады.

Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин башкатчысы Нурипа Муканованын кабарлашынча, агенттик жүргүзгөн сурамжылоо күч кызматтарынын коррупцияга белчесинен батып калганы аныктады.

- Соттор, МАИлер, мыйзам сактоочулар абыдан коррупцияланган кызматтар катары эсептелинет. Биздин Кыргызстанда да ошондой.

Агенттик ушу тапта коррупция менен кантип күрөшүү боюнча көпчүлүктөн пикир-сунуштарды күтүп жатканын Н.Муканова кошумчалады. Коррупцияны алдын-алуу мамлекеттик агенттиги түзүлгөндөн бери мыйзам алешемдиктери көп айтылып, негедир алар оңдолбой келатат. Агенттикте 49 адам иштейт. Ага жыл сайын бюджеттен 13 миллион сом бөлүнөт. Быйыл агенттик кызматкерлери жогорку окуу жайларындагы коррупияны азайтыш амалында кирүү экзамендериндеги билеттерге мөөрүн басып, сөздөн ишке өткөнү турат. Бирок да жарыбаган маяна менен олтурган кызматкерлердин өзү паракорчулукка кошулуп кетпеши үчүн алардын артынан аңдуу коюшарын Б.Бакетаев ырастады. Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү саны жагынан бараандуу университет, академия, институттардан башталмакчы.

XS
SM
MD
LG