Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

БЭКтин өкүлү Аксыда эл менен жолугушууда


Кербен шаарындагы эл менен жолугушууда Бириккен элдик кыймылдын ишин жандандыруу жана Аксыдагы оппозициялык партиялардын башын бириктирүү маселеси талкууланды. Мындай маалымат БЭКтин өкүлү Топчубек Тургуналиевден алынды. Анын билдирүүсү боюнча, ал буга чейин райондун Кичи-Акжол айылында калк менен да пикирлешкен. Кара-Суу айылында 6 айыл өкмөттүн өкүлдөрү катышкан жыйын болуп, андагылар оппозиция өкүлдөрүнө кысым көрсөтүүнү жана «Молоташ» алтын кени боюнча жергиликтүү тургундарды суракка алууну токтотууну талап кылышып, жаңы салык саясатына, кыймылсыз мүлк салыгына нааразылыктарын билдиришкен. Тургуналиевдин айтымында, бийлик БЭКке жан тарткан жана ал кыймылдын өкүлдөрү менен сүйлөшкөн адамдарга да кысым көрсөтүүдө. Салыктын жаңы түрлөрүнөн жалпы эл эле азап тартпастан, базарда араба түрткөн балдар да жабыр тартышат, деп айтты Топчубек Тургуналиев. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG