Линктер

шаршемби, 22-февраль, 2017 Бишкек убактысы 05:58

Пакистандагы талипчи жоочулар убактылуу ок атышпоо мөөнөтүн узартышты


Сват өрөөнүндөгү талипчил жоочулардын басма сөз өкүлү Муслим Хандын айтымында, алар убактылуу ок атышпоо жараянын белгисиз мөөнөткө узартышты. Маалыматтарга караганда, жоочулардын жетекчиси Маулана Фазлуллах бүгүн кеңешчилерин чогултуп, буга чейин кабыл алынган 10 күндүк ок атышпоо жараянын узартууга жана туткундарды бошотууга маакулдугун берген. Мындан сегиз күн мурда өкмөт аталган аймакта шариятты аймактагы жалгых мыйзам катары киргизүүгө макулдук берген талаш-тартыштуу келишимге кол койгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG