Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:41

Өзбекстанда укук коргоочу камакка алынды


Дилмурод Саидов 22-февралда камакка алынды

Дилмурод Саидов 22-февралда камакка алынды

Ташкенде укук коргоочу журналист Дилмурод Саидди жекшембиде үйүнө келгенде кармап кетишти. Өлкөдөгү укуктук кырдаалды сынга алгандыгы үчүн кысымга алынып келген укук коргоочу азыр коркутуу жолу менен акча өндүрүүгө аракеттенген деп айыпталып жатат.

Дилмурод Саидов 2005-жылы "Адвокат-пресс" деген гезитке жазган макаласында Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы оор экендигин сынга алган. Ошондон бери укук коргоочу журналист куугунтукка кабылды.

Мына эми анын аялы Барно Жуманова күйөөсүн прокуратура кызматкерлери 22-февраль күнү кармап кеткенин кабарлады. Жуманова тергөөчүлөр алгач анын кызы барган бала бакчага барганын, муну менен анын жүрөгүнүн үшүн алгылары келгенин билдирди:

- Кызым барган бакчага барып, кызымды көрсөтүүнү талап кылышы коркутуунун бир түрү. Баласы үчүн эч ким эч нерседен кайтпайт. Укканда оодандык милициянын бөлүмүнө чуркап бардым.

Жуманованын айтымында, үйүнө келген тергөөчүлөр издегенин таба алышкан жок.

Муну күбө түшкөн коңшусу да бышыктады. Ал тинтүү болгондо чакырганда барганын, "издегенибизди таба алган жокпуз, бизге кол коюп бер деп айтышканда, кол коюп бергенин билдирди.

Ал эми Дилмурат Саиддин адвокаты Рухиддин Камилов укук коргоочуну "коркутуп акча сурады" деп арызданган Махбүбү Жураева кайра өз көргөзмөсүнөн баш тартып, сурак мезгилинде "мындай болгон эмес" деп айтканын билдирди.

Камилов Саиддин камалышын саясий куугунтук деп мүнөздөдү. Бир нече жергиликтүү укук коргоочу уюм буга тынчсыздануу билдирүүдө.

Ушундай эле айыптоо менен дагы бир белгилүү укук коргоочу Тургун Азамов 10 жылга эркинен ажыратылган.

Анын аралыгында, орусиялык укук коргоочу уюм Өзбекстанда 2004-2008-жылдары өлкөдө миңдеген киши куугунтукка кабылганын жазды. Уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Виталий Пономарев биздин радиого былтыр жайдан тартып Өзбекстанда репрессиялар кайра күч алганын билдирди:

- Азыр мисалы 1999-2000-жылдардагыдай эмес, репрессиялардын тоо чокусу ошол мезгилге туура келген. Ал кезде камалган жүздөгөн киши дале абакта. Репрессиялардын динамикасы толкун сыңарында өзгөрүп турат. Акыркы беш жылды алсак, 2004-жылы жазында, жайында репрессиялар өзгөчө күч алган. Андижан окуяларынан кийин камакка алуулар андан бетер күчөдү. Андан кийин бийликтер күчкө салып, кырдаалды көзөмөлдөй албай тургандыгын түшүнгөндөй болушкан, бирок азыр эми былтыр жай айларынан бери куугунтуктардын жаңы айлампасы башталды. Ал канчалык болоорун айтуу кыйын, бирок азыр абал кооптуу болуп турат. Биз өз отчетубузда да бул тууралуу жаздык.

"Мемориал" тобунун 24-февралда жарык көргөн отчетуна ылайык, учурда камакта отургандардын арасында 30 укук коргоочу, демократиялык оппозициянын 14 мүчөсү, 18 журналист жана жазуучу, диний уюмдардын 20дан ашык өкүлү бар. Алардын тизмеси март айында жарыяланмакчы. Пономоревдин айтымында, "Мемориал" учурда Казакстан жана Кыргызстан боюнча отчетун даярдап жатат.
XS
SM
MD
LG