Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Интернет эркиндиги үчүн күрөш мындан ары күчөшү мүмкүн


Иран бийлиги 5 миллиондон ашуун вебсайтка бөгөт койгон

Иран бийлиги 5 миллиондон ашуун вебсайтка бөгөт койгон

Журналисттердин бир катар уюмдары, адам укуктарын коргоочулардын пикиринде, Интернет акыркы кездери сөз эркиндигинин күрөш майданына айланды. Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматына ылайык, былтыр башка маалымат каражаттарына караганда вебсайттар үчүн жазган журналисттер көбүрөөк камакка алынган.

Интернеттеги маалыматты цензуралоо жагынан Кытай биринчи орунда турат, - дейт Жазуучулардын дүйнөлүк ассоциациясы PENдин вице-президенти Жоан Лиидом-Акерман “Christian Science Monitor” басылмасындагы макаласында.

"Хьюман Райтс Уоч" уюмунун өкүлү Арвинд Ганесандын айтымында, “кансыз согуш маалында темир көшөгөгө күбө болсок, азыр Кытай баш болгон бир катар авторитардык мамлекеттер виртуалдык көшөгө тургузуп жатат деген кооптонуулар жок эмес”.

Былтыр башка журналисттерге караганда вебсайттарга жазган журналисттер көбүрөөк камакка алынган. Журналисттерди коргоо комитети куугунтуктоо жагынан Кытай, Бирма, Вьетнам, Иран, Сирия жана Зимбабве биринчи орундарда турганын белгилейт. Бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү журналисттерди камагандан тышкары, сайттарга бөгөт коюу, интернетке тоскоолдуктарды түзүү, Интернет кафелерде катаң эрежелерди киргизүү, макалаларды цензуралоо өңдүү чараларды колдонуп келишет.

Өткөн жылы камалган журналисттерге “мамлекеттик түзүлүштү төңкөрүүгө тукуруу”, “динге акаарат келтирүү”, “мамлекеттин коопсуздугуна кооп туудуруу”, “президенттин аброюна шек келтирүү”, “жалган маалымат таратуу” деген айыптар тагылган.

Алсак, апта башында Иран бийликтери президенттикке талаптануу ниетин билдирген экс-мамлекет башчы Мохаммад Хатамиге тиешеси бар эки сайтка тоскоолдук түзгөнүн моюнга алды. Жергиликтүү сайттарды көзөмөлдөгөн комитет ошол веббаракчалар “улуттук биримдикти бузууда” деп эсептейт. Анын үстүнө сайттар каттоодон өткөн эмес, - деп кошумчалады комитет.

Кыргызстанда эркин маалыматтын булагы катары Интернеттин ролу кандай болду экен? Бул суроого журналист Бакыт Орунбеков жооп берди:.

- Расмий маалыматтарда Кыргызстанда 10 процентке жетпеген калктын Интернеттеги маалыматты пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар деп айтылып жүрөт. Көпчүлүк жерлерде, өзгөчө региондордо, айылдарда, райондук борборлордо андай мүмкүнчүлүк жок. Бизде Ош, Бишкек шаарларында, облусттук борборлордо гана болбосо, калган жерлерде Интернетке жетүү мүмкүнчүлүгү аз. Мунун техникалык себептери да бар, андан тышкары каражат керек, ага өкмөттүн чамасы жептей атат. Бул маселе өкмөттө да, парламентте да каралып жатат. Бирок маселе жакшы талкууга алынып, чечилгидей багыт алына элек. Азыр өкмөт мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдар, эларалык уюмдардын деңгээлинде Кыргызстанда Интернетти маалымат каражаты катары саноо болобу, анда чыккан маалыматтарды массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын негизинде талкуулоо жүрүп жатат.

Азаттык: - Кыргызстанда вебсайттарды жабуу же алардын ишине бөгөт коюу учурлары катталганбы?

- Андай учурлар боло элек. Бирок андай аракеттер, айрым эскертүүлөр жөнүндө угуп калып жүрөбүз. Бийлик органдары тарабынан, аларды колдогон партиялардын өкүлдөрү тарабынан ошондой позиция айтыла калып жүрөт. Менимче, башка маалымат каражаттарына караганда Интернетти көзөмөлдөө, аны чектөө үчүн бир топ күч, бир топ мүмкүнчүлүк керек. Бирок бийлик ошондой кадамга барса, Кыргызстандын мындан аркы аброюна шек келет деп ойлойм.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG