Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Энесай кыргыздарынын эпосу хакас тилинен түркчөгө которулду


"Кан мерген" эпосу түрк тилинде жарык көрдү

"Кан мерген" эпосу түрк тилинде жарык көрдү

Келерки аптада Анкарада хакастардын байыркы эпосунун түрк тилиндеги котормосунун бет ачаары болот. "Хан Мерген" ошону менен биринчи жолу башка тилге которулуп отурат. Котормонун автору Тимур Давлетовдун айтымында, энисейлик кыргыздардын мезгилинде жаралган бул эпос бүгүн да актуалдуулугун жоготкон жок.

"Кан мерген" өз элин душмандан коргоп, акыйкаттык менен бийлик жүргүзгөн кан тууралуу. Аты айтып тургандай, бул кан көзгө атаар мерген болот. "Кан мерген" эпосун 1990-жылы көзү өткөн дастанчы Анна Куржибекованын айтканы боюнча жаздырып алышкан.

Тимур Давлетов: - Бул эпос 5114 саптан турат, ал мындан 1500 жыл мурда, энисей кыргыздарынын доорунда жаралган. Бирок андагы айрым окуя-көрүнүштөр мындан 10 миңдеген жыл мурда орун алган болушу мүмкүн.

Хакастардын эпикалык чыгармаларынын өзгөчөлүгү алардын саны көп, бирок дастанчылык өнөрү бүгүн дээрлик жок болуп кеткен:

- Белгилүү түрк таануучу Василий Радлов энисей жана Борбор Азия кыргыздарында гана эпостордун бай мурасы бар экендигин айткан. Айткандай эле, хакастарда 200дөн ашык эпостор бар, көбү 5 миңден 30 миңге чейин саптан турат. Кыргыздардан айырмаланып, хакастарда майда жомоктор чоң эпос болуп өнүккөн эмес. Алардын көбү алигиче басылып, китеп болуп чыга элек.

Кыргыздарда 50 чакты баатырдык эпос жаздырылып алынган. Хакасиялык социолог изилдөөчү Давлетовдун айтымында, хакас эпосторунда башкы кейипкерлер адатта баатыр кыздар болушат:

- Бул байыркы хакас, байыркы түрк шаманчылыгы менен түшүндүрүлөт. "Хан Мергенде" башкы каарман эркек, бирок анда аялдар коомдук турмушка күжүрмөн катышат. Булар - энелер, баатырдын аялы, ошондой эле баатыр кыздар. Баатыр кыздардын баары сөзсүз күйөөгө чыкпайт. Алардын сөзү өтүмдүү. Хакастар байыркы динин карманат, бирок баары бир монотеисттик диндердин таасири бар, ошондон улам аялдардын таасири төмөндөп кетти.

Хан Мерген эпосун которуу ишин Анкарадагы Түрксой уюму каржылады. Бул уюм 1993-жылы түрк элдеринин маданият министрлери тарабынан түзүлгөн. Максаты – түрк элдеринин көркөм өнөрүн жана маданиятын изилдеп, сактап, кеңири таанытуу.

Кыргыздарда манасчылык өнөрү кеңири сакталган, аян түш көрүп, дастан айткандар бүгүн да бар, арасында дастандарды китептен жаттап айткандар да кездешет. Хакасиялык окумуштуунун айтымында, Хакасияда бүгүн жаштар арасында дастанчылыкка кызыгуу күчтүү, бирок тирүү дастанчылар жок болгондуктан, алар эпосторду китептен окуп үйрөнүшөт. Мындай өзгөрүү мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт Давлетов:

- Маданият ар дайым өзгөрүп турат. Мунун жакшы да, жаман да жактары бар. Бирок негизгиси маданиятты өзгөртпөй, "тоңдуруп" коюу мүмкүн эмес.


Ооз эки чыгармачылыктын үлгүлөрүнөн биз көп нерсени үйрөнө алабыз, Тимур Давлетовдун айтымында, бул хакастардын сөз болуп жаткан эпосуна да тийешелүү:

- Эпостогу баатырлар элин гана коргобостон, аны социалдык-экономикалык жактан да колдойт. Алар элге кедей-кембагалдарды, жетим-жесирлерди кор кылбай багууга чакырышат. Бирок алар коммунисттердей, жакырчылыкты даңазалашпайт, жакшы кийинип, мыкты ат минип жүрүш керек, бакыбат турмуш бардыкка бирдей болуш керек деп эсептешет. Ушул жааттан алганда, хакас жана жалпы эле түрк элдеринин эпостору бүгүнкү заманда да актуалдуулугун жоготкон жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG