Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Түндүк Корея космоско жасалма жандоочу учурууга камынууда


Түндүк Корея космос мейкиндигине жасалма жандоочу учурууга жигердүү камылга көрүп жатканын жар салды. Азырынча жасалма жандоочу качан учурулаары тууралуу так маалымат айтыла элек. Жакында эле Түндүк Корея аскердик максатта колдонулуучу баллистикалык ракетаны сыноодон өткөрүүгө даярдык көрүшү мүмкүн деген каңшаар тараган. Серепчилердин айтымында, буга чейин Түндүк Корея космонавтика терминин жөн гана баллистикалык ракета сынагын жаап-жашыруу үчүн колдонуп келген.

Шейшембиде (24-февралда) Түндүк Кореянын өкмөттүк басма сөз каражаттары, анын ичинде мамлекеттик сыналгы жасалма жандоочуну учуруу камылгалары тууралуу кабарды байма-бай чагылдырышты:

- Бул жасалма жандоочу ийгиликтүү учурулганда улуттук космос изилдөөлөрү жана технологиябыз экономикалык кубатыбызды арттыруу үчүн алга карай чоң кадам шилтейт.

Сыналгыдан жар салынган бул кабар Түндүк Корея космос технологиясын тынчтык максатта гана өнүктүрүп жатат деген мааниге басым жасайт. Бирок бардыгы эле буга ишене беришпейт.

Байкоочулардын баамында, алиги жарыя тек гана жакын арада жүзөгө ашырыла турган акыркы үлгүдөгү “Таэподонг-2” ракетасынын сынагы менен байланыштуу. Бул баллистикалык ракета АКШнын Калифорния штатына жете албаса да, жок дегенде Аляска штатына чейин жетиши ыктымал деп болжолдонууда.

Ушул сыяктуу түкшүмөлдөрдөн улам, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Роберт Вуд расмий Пхенянга Бириккен Улуттар уюмунун резолюциясына ылайык милдеттемелерин дагы бир ирээт эскертти:

- Ракеталарга байланыштуу маселелерде биз азыркы турумубузду өтө таасын билдирип келгенбиз. Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 1718 номурлуу чечими Түндүк Кореяга баллистикалык ракетаны даярдоого тыйуу салат. Демек бул кадам алиги резолюцияны одоно бузуу болоор эле.

2006-жылы Түндүк Корея өзөктүк кубатты сыноодон өткөргөндөн кийин Бириккен Улуттар Уюму тарабынан бул өлкөгө карата алиги тыйуу киргизилген.

Коңшу Түштүк Кореянын коргоо министри Ли Санг Хе жана тышкы иштер министри Ю Мюнг Хван да билдирүү жасашып, Түндүк Кореянын ракета сыноолору аймактагы коопсуздукка чоң коркунуч жаратарын белгилешти.

Түштүк Кореянын коргонуу боюнча изилдөөлөр институтунун серепчиси Хэм Хионг Пил “Азаттык” үналгысына берген маегинде расмий Пхенян баллистикалык ракеталык долбоорлорун токтотуу жаатында соодалашып, башка өлкөлөрдөн, өзгөчө АКШдан, анын эсесине ири экономикалык жардам алууга үмүттөнүшү ажеп эмес деген оюн айтты:

- Түндүк Кореянын өкмөтү муну менен АКШга, Обаманын өкмөтүнө болочокку сүйлөшүүлөр маалында өзүнө көбүрөөк пайда түшө тургандай ишара кылууда.

Хэм мырза Түндүк Кореянын бийлиги жасалма жандоочуну учуруу камылгалары тууралуу билдирүүнү Түштүк Кореянын президенти Ли Мөн Бактын кызматына киришкенине бир жыл толооруна бир күн калганда жүзөгө ашырганын да өзгөчө белгилей кетти.

Ли Мөн Бак 2007-жылдын декабрында президенттик шайлоодо жеңип чыгып, 2008-жылдын 25-февралында Түштүк Кореянын президенти катары ант берген.
XS
SM
MD
LG