Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

Орусияда иш орундары кыскарган сайын Борбор Азиядан барган мигранттар өз өлкөлөрүнө кайтып келүүгө мажбур. Мекенине кайтып жаткан мигранттардын агымы бул өлкөлөрдүн бийлигин ого бетер ойго салды.

Орусияда курулуш иштеринде алек болгон Назир кыш мезгилинде жубайы жана эки баласы менен кыска мөөнөткө болуу үчүн Тажикстанга келген. Бирок Орусияда тапкан акчасынын көлөмү барган сайын азайганына көзү жеткен 30 жаштагы Назир атажуртуна кайтып келди. Эми ал кичи мекени Ашт кыштагында күнүмдүк оокатын өткөрүү үчүн сателлит антенналарын орнотот.

“Бул кыска мөөнөттүү иш. Ар бир айыл тургуну жакын арада сателлит орнотуп алган соң мен ишсиз калам”, дейт Назир:

- Орусиядан бир аз акча таап кайтып келгендердин бардыгы сателлит антенналарын сатып алышууда. Мен ошентип иш менен камсыз болуп калдым. Так айта албайм, бирок азыр айына 130 доллардан 150 долларга чейин акча табуудамын.

Назир Орусиянын Ханты-Мансы автономдук аймагында жаз башталгандан күз мезгилинин соңуна чейин курулуш иштеринде иштечү. Бирок жайдын аягында ал жакта иш орундары кыскарып, Назир Тажикстанга кайтууга мажбур болду.

Назир Ханты-Мансыга апрелде кайра барууга нийеттенүүдө, бирок иш табылабы, же жокпу деп кабатыр.

Орусияда курулуш иштеринде, базар, фабрикаларда жана айыл-чарбасында иштеген борбор азиялык 6 миллион аял-эркектин азыркы абалы Назирдикине куюп койгондой окшош.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Орусия да экономикалык кризистин туткунунда калды. Курулуш иштери токтоп, ушундан улам кара жумуш менен алектенген борбор азиялык мигранттарга болгон талап уламдан-улам азайууда.

Ушундан улам жүз миңдеген, атүгүл миллиондогон мигранттар үйлөрүнө кайтышы күтүлүүдө. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөттөрү алкымдаган социалдык кризистен чыгуунун жаңы аргаларын издөөдө.

Маалыматтарга караганда, Орусияда төрт миллион өзбек, бир миллион тажик жана жарым миллион кыргыз иштейт. Бирок бул үч өлкөнүн өкмөтү мындай сандар менен макул эмес.

Ташкенттик көз карандысыз серепчи Ташпулат Юлдашев (Tashpulat Yuldashev) “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Өзбек кызматына берген маегинде бийлик мигранттардын мекендерине жапатырмак кайтып келишинен кооптонот, себеби бул кырдаал ансыз да кыйын социалдык кырдаалды ого бетер курчутуп, жаңы нааразылыкка алып келиши ыктымал деп белгиледи.

- Мигранттардын кайтып жатышына албетте бийлик нааразы, Өзбекстанда түзүлгөн кырдаалга алардын көңүлү толбой жатат. Бирок азыркы шарттарда нааразылык аракеттер анчейин күтүлбөйт, себеби ар бир адам өзүнүн балдары жана туугандары тууралуу ойлонот. Мигранттар болсо Орусиядан башка өлкөлөрдө иш табууга аракеттенишет.

Учурда борбордук азиялык он миңдеген эмгек мигранттар Түштүк Корея, Түркия, Чех жумурияты, Перс Булуңундагы өлкөлөрдөн иш табышты. Кызык жери, айрым өзбек мандыкерлер коңшу Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан аймактарына өтүп, жергиликтүү бийликтерге иш таап берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Ошол эле маалда Өзбекстан өкмөтү ай башында расмий Амман бийлигине кайрылып, өзбек мигранттарына мунайга бай араб өлкөлөрүндө, мейманкана жана базарларда иш берүүнү өтүнгөн.

Анын аралыгында кыргыз жана өзбек бийликтери өз өлкөлөрүнүн ичинде кошумча иш орундарын түзүүгө аракеттенүүдө. Кыргызстан өкмөтү Камбарата-1 ГЭСинин курулушу башталса, миңдеген жумуш орундар пайда болоруна үмүт артууда. Тажикстандын Эмгек министрлиги болсо орто жана чакан ишкерчиликти колдоо үчүн кыска мөөнөттүү насыя бере баштады.

Тажикстандын эмгек министри Шүкүржан Зухуров (Shukurjon Zuhurov) “Азаттыкка” берген маегинде, министрлик мурдагы мигранттар үчүн 150 миң иш орундары сунушталганын айткан.

Бирок бардыгы эле министрлик сунуш кылган иш орундары жана маянанын көлөмүнө макул эмес. 35 жаштагы Мухаммад эки ай мурда Дүйшөмбүдө курулушчу катары ишке алынган.

Мухаммад ушул күнгө чейин маянасын ала албай келет:

- Биз ишибизди баштагандан он күн өткөн соң ар бирибизге 40 доллардан төлөп беришти. Компаниянын курулуш материалдары жетишсиз болуп, биз болгону 3-4 күн иштеп, эки жума ишсиз отуруп калуудабыз.

Орусияда иш орундары кескин кыскарганына карабастан, жергиликтүү аткаминерлер Орусия борбор азиялык мигранттар үчүн азыр деле ылайыктуу өлкө болгонун мойнуна алат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG