Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Оскарды да утуп, көрүүчүлөр жүрөгүн да ээлеген тасма


“Шаардын жакыр бучкагынын миллионери” тасмасынан бир үзүм
“Шаардын жакыр бучкагынын миллионери” тасмасынан бир үзүм

22-февралда Лос-Анжелесте Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи өтүп, Индиянын Мумбай шаарынын өтө жакыр бөлүгүндө тартылган “Шаардын жакыр бучкагынын миллионери” аттуу көркөм тасма киноакадемиянын 8 сыйлыгына ээ болду.

Тасманын каарманы, жашоосундагы эң олуттуу сыноого туш болгон 18 жаштагы Жамал Малик аттуу жетим уландын тагдыры дүйнө жүзүндөгү бардык кинокүйөрмандардын жүрөгүн ээледи. Тасманын өзөгүндө “адамдар жашоо жана махабатты кантип кабыл алат?” деген суроо жатат.

Тасмада дүйнөдө белгилүү болгон “Ким миллионер болгусу келет?” оюн-зоок берүүсүнүн жергиликтүү вариантын Индиянын калың катмары кантип сыналгыдан көздөрүн албай тиктеп отурганы чагылдырылат. 20 миллион рупийди (1 миллион доллар) утуп алуу үчүн соңку суроо берилердин алдында тыныгуу жарыяланат.

Бирок сыналгы шоуда тыныгуу жарыяланганда полиция “кантип эле көчөдө эптеп күн көргөн томаяк мындай татаал суроолордун жообунан кабардар болсун?” деген шек менен Жамалды камакка алат.

Айыпсыз болгонун далилдөөгө бел байлаган Жамал болсо өз бир тууганы экөө чоңойгон Мумбай шаарындагы томаяктар эптеп күн өткөргөн өзгөчө жакыр бөлүктүн жашоосу тууралуу баянын баштайт. Мусулман дининдеги Жамал жергиликтүү кылмышкерлер менен жолугушуусунан баштап, христиан динин туткан Латика аттуу кызга болгон сүйүүсү жана аны кантип жоготуп алганы тууралуу кеп салат.

Британиялык режиссер Дэнни Бойл
Британиялык режиссер Дэнни Бойл тарткан тасма дээрлик “болливуддук” салттык жомокторго окшош.

Ал эми 2008-жылы пакистандык террорчулардын кол салуусунан кийин бир канча убакытка дендароо болуп калган Мумбай шаарынын тургундары үчүн бул тасма желаргы менен келген таза абадай эле сергиткен касиетке ээ болду.

Британиянын премьер-министри Гордон Браун “Шаардын жакыр бучкагынын миллионери” тасмасына чоң баасын берип, аны учурдагы британ кино тармагынын “укмуштуудай жетишкендиги” катары сыпаттады.

Мумбайда иликтөө жүргүзүп кайткан жана бул шаардын алиги тасма тартылган эң жакыр бөлүгүн да кезген болгариялык окумуштуу Розалия Радева “Азаттык” үналгысына берген маегинде тасмада чагылдырылган окуя жалпы эле адамзатынын өз сүйүүсүн табуу аракетин айгинелейт деп билдирди:

- Тасмадагы окуя реалдуу турмушка жакын, сиз муну кинону көрүп жатканда нагыз турмушту сезгендей туясыз. Анда Мумбайдагы жашоонун туристтер көрө да, сезе да, баамдай да албаган бир катар купуя бөлүктөрү чагылдырылат. Мындан сырткары “Шаардын жакыр бучкагынын миллионери” тасмасы Индия үчүн көйгөйлүү, жүрөк ооруткан теманы козгойт: бул – балдарды уурдоо. Тасмада көрсөтүлгөндөй балдарды уурдап, кийин аларды сокур тилемчиге айландырып, кайыр суратып койгон көрүнүштү сиз Мумбайдын тийешелүү бир бөлүгү аркылуу кезгениңизде бүдөмүк туя аласыз. Мен Индиянын башка шаарлары тууралуу айта албайм, бирок Мумбайда мындай сезим сиздин жүрөгүңүздү өзгөчө сыздатып турат.

Ал эми Нью-Йорктогу “Portfolio” журналынын штаттан тышкаркы редактору Гэри Уэйсс (Gary Weiss) Индия темасы ушул күндөрү АКШда өзгөчө сөзгө алынып жатканын белгиледи.

Оскар сыйлыгына ээ болгон актерлор кубанычын жашыра алышкан жок
“Шаардын жакыр бучкагынын миллионери” тасмасы интернет мейкиндигинде тасмалар тууралуу чагылдырган белгилүү баракчада 2008-жылдын мыкты тасмасы деп табылып, эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон. Дүйнө боюнча көрсөтүлгөн бул тасма февралдын соңку аптасына чейин эле дээрлик 160 миллиондон ашуун доллар киреше тапкан. Бул тасма бар болгону 15 миллион долларга тартылганын эске алганда, тасма өзүн он эседен көбүрөөк актады десек болот.

Бирок ошол эле маалда “Шаардын жакыр бучкагынын миллионери” тасмасы Батышта карама-каршы пикирлерди да жаратты.

Нью-Йоркто иштеген индиялык журналист Анжали Шарма (Anjali Sharma) “Азаттыкка” курган маегинде бир жагынан Индия эли тууралуу тасма АКШда ушундай чоң окуя катары кабыл алынганы үчүн сыймыктанса, башка жагынан алганда, тасмада Мумбай шаарынын турмушу бир беткей чагылдырылып калган деген сын пикирин билдирди:

- Мен бул тасманы акылдан адашкандай жакшы көрүп калдым деп айта албайм. Себеби тасма Индияда өтө деле жылуу кабыл алынып кеткен жок. Менимче, тасма Индияга каршы маанайда тартылган. Шаардын өтө жакыр булуң-бучкагы, режиссер Дэнни Бойлдун аны чагылдырган усулу ушул ойго жетелейт. Биз Мумбайды жакшы билебиз, биз шаардагы Дхарави деп аталган жакырлардын өтө чоң байырлоо жайын да билебиз. Кайсы бир деңгээлде бул тасма индиялыктар үчүн эмес, көбүнесе Батыштагылардын купулуна толгондой бычылып даярдалган.

Деген Шарма айым мурда Индиядагы көчө балдарына жардам берип келчү.

Тасма Индияда карама-каршы пикирлерди жаратты
Шарма айымдын айтымында, Оскар сыйлыгын жеңип алгандан кийинки кубанычтын толкуну азайганда, тасмага катышкан балдар кайрадан жакыр турмушка белчесинен батышы ыктымалдан алыс эмес:

- Албетте көчө балдарынын тасмага тартылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону жакшы деңизчи, бирок алар кайра артка кайтат да. Беркилер жакыр балдарды тасмага тартып, өз ишин бүткөрүп алган соң, аларды кайра өз жолуна сала беришет да. Анан ал балдар мурда кайсы акыбалда турмуш кечирсе, ошого кайтып, тебелендиде кала берет да.

Ал эми “Шаардын жакыр бучкагынын миллионери” тасмасынын режиссеру Бойл мырза болсо өз тасмасына тартылган Рубина жана Азхар уд-Дин аттуу балдар университетке өтүп, жогорку билим алышы үчүн атайын кор негизделгенин айтты. Бирок Бойл мырза бул корго канча акча чегериле тургандыгы тууралуу азырынча ачыктаган жок, тек гана бөлүнчү каражат олуттуу өлчөмдө болоорун белгиледи.
XS
SM
MD
LG