Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

АКШ базасын чыгаруу тууралуу кыргыз бийлигинин чечими батыштык басылмалардын көңүл чордонунан орун алууда. АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс "Кыргызстан менен бул чечимди кайра артка кайтаруу жана базаны колдонууну улантуу боюнча мунасага келишибиз мүмкүн” деп айтканын New York Times гезити жазып чыкты.

New York Times гезитинин ишемби күнкү санында чыккан макалада, АКШнын коргоо министри Роберт Гейтсин “биз бул база боюнча Кыргызстан менен ишти уланта беребиз. Азырынча биз бул жаатта акыркы сөз айтылды деп санабайбыз. Демек буга биротоло чекит коюлду деп айтууга эртелик кылат. Кыргызстан менен бул чечимди кайра артка кайтаруу жана базаны колдонууну улантуу боюнча мунасага келишибиз мүмкүн” деп айткан сөздөрүнө шилтеме берилип, “Манас” аба базасы НАТОнун Ооганстандагы миссиясы үчүн турмуштук мааниге ээ экенине көңүл бурулат.

Макалада АКШнын коргоо министри Гейтс кыргыз бийлиги менен база үчүн төлөнчү акыны жогорулатуу маселесин талкуулоого даяр экенин билдиргени, бирок бул үчүн Вашингтон өзүн кызыктай абалга койбой турганын да эскерте кеткени белгиленет.

Waşington Post дагы бул маселени көз жаздымда калтырбай, 1996-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстандын АКШдагы баш элчилик кызматын аткарган Бакытбек Абдрисаев мырзанын “Кыргызстандан акыркы каттам” деген макаласын жарыялаган.

Макалада Абдрисаев мырза, “Манас” аба базасынын курулушун жана аны сактап калуу үчүн Вашингтон жумшаган күч кайратын эң эле сонун билээрин белгилей кетип, “Манастын” ачылышына Москвадагы жолдоштор албетте эч качан ыраазы болбогонун жана Кремл ар дайым ал базанын жабылышы үчүн кысым көрсөтүп келгенин моюнга алган.

Өз макаласында кыргыз дипломат “Манас” аба базасынын ачылышынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда орун алган өзгөрүштөргө токтолуп, базанын жабылышы демократиянын жана адам укуктарынын сакталышы жөнүндө АКШнын доошунун кайрадан катуу көтөрүлүшүнө алып барар бекен деген үмүтүн билдирген.

Wall Street Journal гезитинде чыккан бир макалада, Кыргызстанда өткөн айда эки ири интернет баракчасынын кыйрашына себеп болгон “кибер-чабуул” тууралуу баяндалган. “Кибер-согуш” террорчулуктун башкача түрлөрү өңдүү, аны жасаган кишилерге ассиметрикалык үстөмдүүлүк берип, жеке кишилер же өлкөлөр тарабынан карапайым же аскердик буталарды алсыратуу жана адаштыруу максатында колдонулушу мүмкүн экени белгиленип макалада, АКШнын бул жаңы үлгүдөгү коркунучка каршы көрүп келе жаткан чаралары тууралуу маалымат берилген.

Түркияда чыгуучу ZAMAN гезити дагы “Манас” аба базасынын жабылышы тууралуу өнүгүүлөрдү окурмандары менен тең бөлүшүп, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кезектеги төрагасы Орусиянын Тышкы иштер министрлиги уюмдун 27-март күнү Москвада өтө турган Ооганстан тууралуу жыйынына Түркияны да чакырганын маалымдаган. Макалада алда канча убакыттан бери байкоочу мүчө болуп келген Иран дагы уюмга толук мүчө болгусу келгени эске салынып, бул маселе уюмдун жайкы саммитинде чечилип калышы ажеп эмес экени айтылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG