Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Президенттик шайлоо күнүн Конституциялык Сот аныктаганы калды


Жогорку Кеңештеги СД фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков Президенттик шайлоо күнүн тактап берүүнү сурап Конституциялык Сотко жеке өзүнүн атынан кайрылды. “Бул менин жарандык укугум” деп билдирди депутат “Азаттыкка”. Ал эми фракция төрагасы Бакыт Бешимов депутат Жээнбеков Конституциялык Сотко кайрылып жаткандыгы тууралуу фракцияга маалымдабагандыгын билдирип, фракция мүчөсүнүн жалгыздап чечкен бул чечимине жакында баа берилерин кошумчалады. Мурдараак СД фракциясы президенттик шайлоо мезгилин тактоо максатында Конституциялык Сотко кайрылганы жатканын жарыялаган болчу.
Фракция келерки президенттик шайлоо эски Конституцияга ылайык ушул жылдын октябрында өтүшү керек деп эсептейт. Жаңы Конституцияга караганда президенттик шайлоо 2010-жылдын жайында өтүшү керек. Депутат Жээнбековдун 20-февралдагы кайрылуусун Конституциялык Сот эми үч ай аралыгында карап, өз тыянагын бериши керек. (BuS)

XS
SM
MD
LG