Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

АКШ аскеринин бир бөлүгүИрактан 2010-жылы чыгышы мүмкүн


АКШ аскерлеринин басымдуу бөлүгү Ирактан 2010-жылдын августуна карата чыгып кетүүсү мүмкүн.
Ассошейтед пресс агенттигинин Ак үйдүн аты аталбаган кызматкерине шилтеме берип билдиргенине караганда, президент Барак Обама бул тууралуу ушул аптанын аягында жарыялоосу ыктымал. Азыр Иракта 142 миңдей америкалык аскер бар. Күжүрмөн бөлүктөр чыгарылгандан кийин өлкөдө 50 миңдей жоокер калары күтүлүүдө. Алар ирактык аскерлерди окутууга жана машыктырууга катышат. Ал эми Вашингтон менен Багададдын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык америкалык аскер кызматчылардын баары Ирактан 2011-жылдын соңуна чейин чыгып кетүүсү керек.

XS
SM
MD
LG