Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

АКШ президенти Конгресстеги сөзүндө экономикада кайра жанданууну убада кылды


Бул - Барак Обаманын президенттик кызматка киришкенден бери Конгресттин кош палатасы алдындагы алгачкы сөзү болду жана негизинен экономикадагы проблемалар менен кризистен чыгуунун жолдоруна арналды.

Элүү эки минутка созулган сөзүндө Обама каржы кризиси АКШны алсыратканын, америкалыктар оор учурду баштан кечирип жатканын моюнга алды. Анткен менен кайра жандануу боюнча пландар турмушка ашырыла баштаганын, АКШ кризистен мурдагыдан да кубаттуу болуп чыгарына ишенерин белгиледи:

-Биздин экономика, балким, алсырап жана ишеним олку-солку болуп турган, өзүбүз оор жана белгисиздиктин мезгилинде жашап жаткан кезде ар бир америкалык төмөнкү нерсени билип коюушун каалар элем: Биз кайра курулабыз, бир кайра жанданабыз жана Америка Кошмо Штаттары мурдагыдан да кубаттуу болот.

Барак Обама сөзүндө анын администрациясы Иракта "миллиарддаган" долларды жеген "милдеттүү" эмес контракттарды жойорун убада кылды.

Ошондой эле Кансыз согуш доорунун америкалык күчтөр пайдаланбай калган куралдарынан арылуу үчүн АКШнын коргонуу бюджетин реформалоо зарылдыгын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG