Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Пол Куинн-Жадж: “Манас” аба базасынын чыгарылышы –экономикалык кызыкчылыкка байланыштуу


Мындай пикирин Эл аралык Кризис тобунун Борбор Азиядагы өкүлү Пол Куинн-Жадж “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы экономикасы чабал өлкөлөрдүн бири, ушундан улам “Манас” аба базасын чыгаруу тууралуу чечимди өлкөнүн өкмөтү экономикалык кызыкчылыкты көздөп чыгарды. “Эгерде алдыдагы төрт ай ичинде Америка өкмөтү аскердик аба базаны калтыруу үчүн Кыргызстанга көбүрөөк акча-төлөм сунуштаса, анда кыргыз бийлиги буга макул болот. Бирок андай учурда Орусия Кыргызстанга бере турган насыя акчасы тууралуу кайра ойлонушу ыктымал,” дейт Пол Куинн-Жадж. Анын белгилөөсү боюнча кыргыз бийлиги Орусиядан 2 млрд. доллар өлчөмүндөгү насыяны алуу үчүн “Манас” аба базасын чыгарууга макулдугун берген, ал эми Орусия болсо аба базаны кандайдыр бир деңгээлде президент Барак Обаманы жана анын администрациясынын көңүлүн өзүнө буруу үчүн пайдаланууда.
АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аба базасын Кыргызстандан чыгаруу боюнча кыргыз өкмөтү чечим кабыл алгандыгын КР президенти Курманбек Бакиев 3-февралда Москвада жарыялаган. 19-февраль күнү бул чечимди Жогорку Кеңеш кубаттап, 20-февралда мамлекет башчы бул тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон. Ошол эле күнү “Манас” аба базасынын чыгарылышына байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн нотасы КР тышкы иштер министрлиги тарабынан АКШнын КРдагы элчилигине тапшырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG