Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

М.Каратаев: С.Мамутовага эч кандай кысым болгон жок


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Диабетиктер ассоциациясынын президенти Светлана Мамутовага карата эч кандай кысым болгон эмес. Министрдин орун басары тендер боюнча алынган ийнелер инсулинге жараксыз болгондуктан башка 150 миң даана ийне сатылып алынганын тастыктады. “Биз бардык системаны текшерип жатабыз. Министрлик, Жогорку Кеңеш жана Эсеп палатасы да текшерип жатат. Ошол себептүү бул жерде С.Мамутова тендердин жыйынтыктарын айткан соң текшерилип башталды дегенге негиз жок. Бул жерде эч кандай кысым болгон эмес”, - дейт М.Каратаев. (КЕ)

XS
SM
MD
LG