Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:26

Талас шаарынын мэри кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген маалыматты четке кагууда


7-февралда АКИпресс менен “5-каналдан” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Талас шаарында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны таап чыккандыгы тууралуу маалыматты тараткан. Анда кырсыктардан жабыр тарткандарга бөлүнгөн 150 миң сомдук кредитти Талас шаардык мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн жетекчиси жана шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы менен бирге Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов сол чөнтөгүнө салып, өз кызыкчылыктарына пайдаланган деп, шектүү катары көрсөтүлгөн. Бул маалыматтын баары жалган жана жакында сотко кайрылганы жатабыз, дейт Талас шаарынын мэри. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG