Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Ак үй “Азаттыктан” коркуп чыгарбай жатабы?


2005-жылы февраль айында "Азаттыктын" берүүлөрүн уктурууга тоскоолдуктар жасалганда эл нааразы болуп көчөгө чыккан.

2005-жылы февраль айында "Азаттыктын" берүүлөрүн уктурууга тоскоолдуктар жасалганда эл нааразы болуп көчөгө чыккан.

Мындан туптуура төрт жыл мурда, 2005-жылы 24-февралда “Азаттыктын” берүүлөрү Кыргызстанда орто толкундан угулбай калганда эл ичинде катуу нааразылык чыккан. Анын артынан “март ыңкылабы” да болуп кетти. Бирок бүгүн “Азаттык” үналгысы улуттук каналдан чыгарылып кайра эле угармандарынын калың катмарына жетпей турат.

2005-жылдагы окуялар учурунда “Азаттыктын” Бишкек бюросун жетектеп турган Кыяс Молдокасымов бизге берген маегинде “бул эки окуя эки башка мүнөзгө ээ” деген пикирин айтты. Ал эми “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова Ак үйдүн башкаруусундагы КТР "Азаттыктын" демократиялык таасирлүү күчүн сезип, корккон үчүн обого чыгарбай жатат деп белгиледи.

Кыяз Молдокасымов: Кыргызстанда азыр эркиндик жана атаандаштык күчтүү


-Азыр кырдаал 2005-жылдагыдай эмес. Бул жерде эмне себептен, кандай болду, аны эки тарап түз отуруп алып кеңешип, сүйлөшө турган маселе.

Ал эми 2005-жылдын февралында анда “Азаттык” радиосун биротоло элге жеткирбейбиз, угузбайбыз деген ал кездеги бийликтин аракети, мамилеси таптакыр башкача болчу.

Ал убакта жалпы эл дагы аябай катуу нааразылык менен кабыл алган, элдин чыккан себептеринин бири да ошол болгон. Азыр ошол мезгилдегидей кырдаал болсо эл өзүнүн пикирин, ойлорун билдирип, ошол кырдаалдагыдай чыгат эле деп ойлойм.

Бирок ошондой кырдаал болбогондугу үчүн, ошол мезгилдегидей себеп элге толук ачылбагандыгы үчүн азыр угармандардын арасында деле 2005-жылдагыдай көп нааразылыктарды, же өзүнчө оргуштап чыккандарды деле байкай албадым.

-2005-жылдагы окуялардан азыркы бийлик сабак албады деп дагы көп айтып атышат. Бул боюнча сиз башкачараак ойдо турбайсызбы?

-Бийлик, албетте, мурунку өткөн каталыктарды кетирбегенге аракет кылыш керек. Бирок ал мезгил менен бүгүнкү мезгилди толук түрдө салыштырып болбойт. Бул КТР менен “Азаттык” радиосунун өз ара мамилесинен улам чыгып калган маселе. Ошон үчүн муну УТРКнын жетекчилиги менен “Азаттык” радиосунун жетекчилиги жакшылап сүйлөшүп, тил табышса болот болчу. Себеби мындан оор, кыйын мезгилдерде бир топ маселелерди сүйлөшүү, тил табышуу, дипломатиялык жол менен чечкен учурлар дагы болгон.

Бийлик али 2005-жылдагыдай деңгээлге азыр жете элек. Ошон үчүн аны бийликтин ошол мезгилдегидей аракети деп салыштыруу азыр эртелик кылат.

- “Фридом хаус” сыяктуу дүйнөдө сөз эркиндигине байкоо жүргүзүп эл аралык уюмдар жакында эркиндик боюнча отчетунда сөз эркиндиги Кыргызстанда артка кетти деп сындап, “Азаттыктын” улуттук каналдан уктурулбай калган фактысын белгилей кетти. Сиздин пикириңизде өлкөдө соңку жылдардагы кырдаал кандай сөз эркиндиги жаатында ?


-Мен өткөндө телевидениеге чыгып сүйлөгөндө ушул сөздү айткам, ошону дагы эле кайталайм. Бүгүнкү күндө “Кыргыз туусунда” иштеп атканда мен ушунчалык күчтүү конкуренцияны, атаандаштарды көрүп жүрөм. “Кыргыз туусу” гезити ошондой күчтүү, эркин басылмаларга атаандаштык кылууда алар менен тең тайлаша албай жаткан учурлар дагы бар. Мунун өзү Кыргызстандагы басылмалардын арасында сөз эркиндиги өтө күчтүү экени даана сезилип аткан белгиси.

Азыр болгону мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, мамлекеттик саясаты элге жеткирген беш манжага толбогон басылмалар бар. Ал эми эркин, каалагандай ой- пикирлерге, каалагандай маалыматтарды таратуучу ондон ашуун басылмалар бар. Демек басма сөз жаатында эркиндиктин, атаандаштыктын Кыргызстанда өтө күчтүү экенин айтууга болот.


Азиза Абдрасулова: Ак үй "Азаттыктан" коркуп обого чыгарбай жатат

- КТР менен болгон мамиле деп расмий түрдө айтканы менен Кыястын башынан өтпөптүрбү?
КТР түздөн түз Ак үй тарабынан көзөмөлдөнөт. КТРдин президенти, жетекчи кызматтары президент тарабынан дайындалат. КТР мамлекеттик телевидение болгондуктан мамлекеттин саясатын чагылдырат.

Ошондуктан КТР менен “Азаттыктын” ортосунда келишпестик мамиле катары баалаган туура эмес, керек болсо “Азаттык” менен биздин Ак үйдүн ортосундагы, демократиялык принциптер менен диктатуранын ортосундагы мамиле катары, эки карама-каршылык мамиле катары караса болот.

2005-жылы “Азаттык” жабылып, бир айдан ашыгыраак эфирге чыкпай калганы чын. Ошол боюнча биз дагы “Кылым шамы” уюмунун демилгеси менен атайын Ак үйдүн алдына оозубузга кулпу илип пикетке чыкканбыз, “Азаттыктын” жабылганына өзүбүздүн нааразылыгыбызды билдирип.

Ошол кезде канчалык жаман бийлик деген Акаевдин бийлиги ондогон, жүздөгөн адамдардын жок дегенде оюн билдиргенге, чогулуп пикет, митингдерди өткөргөнгө кандайдыр бир мүмкүнчүлүк берип турган экен. Бүгүн ошол мүмкүнчүлүгүбүздөн дагы айрылып калганбыз, бүгүн өзүбүздүн оюбузду билдирүнүн таптакыр куралы, жолу, ыкмасы жок болуп атат.

- Азыркы кырдаал менен ошондогу көрүнүштөрдү салыштырсак болобу?

- Азыркы кырдаал 2005-жылдын март айына салыштырмалуу бир топ оор. Себеби “Азаттык” үналгысы январь айынан февралдын жыйырмасына чейин тынымсыз эфирге чыгып турган. Болуп турган окуяларды чагылдырып, “Азаттык” өзүнүн кызматын өтөп койгон.
Элдин үнүн, болуп жаткан окуяларды жер-жерлерге, элдин эң акыркы катмарына чейин жеткирип койгон.

Азыр болсо таптакыр чындыкты чагылдыра турган ММКлар жок болуп калды радио тарабынан дагы, теле тарабынан дагы. Кимдир бирөөнүн жеке менчигиндеги, же мамлекеттик көзөмөлүндөгү, цензурасындагы ММКлар болуп калды.

Азыркы отурган бийлик ошол 2005-жылдагы “Азаттыктын” ордун, ролун жакшы түшүнгөндүктөн, ошол 2005-жыл кайталанып кетпесин деп коркуп, “Азаттыкты” Акаевдей кеч эмес, эртелеп обого чыгарбай койду.


  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG