Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:58

26-февраль: Тарых барактары


Германия соту 1924-жылдын бул күнү Адольф Гитлерди «Пиво путчу» үчүн сот жообуна тартып, 5 жылга эркинен ажыраткан.

Германия соту 1924-жылдын бул күнү Адольф Гитлерди «Пиво путчу» үчүн сот жообуна тартып, 5 жылга эркинен ажыраткан.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 2005-жылдын 26-февралында АКШнын өлкөдөгү элчилигине нота жолдогон. Эльба аралына сүргүнгө айдалган Наполеон Боннапарт 1815-жылдын 26-февраль күнү түрмөдөн качып чыккан. Кыргызстандын автомобиль күйөрмандарынын сүймөнчүк машинасына айланган биринчи «Фольксваген» 1936-жылдын 26-февраль күнү завод конвейеринен чыккан.

Кыргызстандагы илим-билим жана искусствонун телчигип бутуна турушуна, кийин советтик деңгээлге жетип, анын айрым үлгүлөрү дүйнөлүк масштабда таанылышына Ленинград шаары маанилүү роль ойногон. Республиканын чарбалык жана маданий өнүгүшүн камсыздоо максатында 1932-жылдын 26-февралында Ленинград шаары Кыргызстанды шефтикке алган. Эки тараптуу негизги келишимге Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы А. Орозбеков менен ленинграддык делегация башчысы, Ленсовет президиумунун мүчөсү А. Валышевдер кол коюшкан.

Кыргыз тарап Ленинград шаарын эт менен үзгүлтүксүз камсыздоого убада берген. Ленинграддык делегация Кыргызстандын электрофикациясына, баалуу кендерди чалгындоо ишине жана фундаменталдык китепкана куруп берүүгө макулдашышкан. Анын натыйжасында Кыргызстан аймагына жаңы технологиялар жөнөтүлүп, аларды иштете турган адистер келген. Мындан тышкары, ленинграддык илимпоздор Кыргызстанда илим изилдөө борборлорунун ачылышына жана анын жетилишине зор салым кошушукан.

ВКП (б) Борбордук комитетинин 1949-жылкы токтомуна ылайык союздук борбордо жарык көрчү «Звезда» жана «Ленинград» журналдарында «бузуку адабиятка» каршы бүткүл союздук күрөш жүргүзүү кампаниясы жарыяланган. Кыргызстандык коммунисттер борбордун көрсөтмөсүн илгиртпей ишке ашырышып, 1949-жылдын бул күндөрү республикалык маалымдоо каражаттары Аалы Токомбаевдин 1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшүнө арналып жазылган «Кандуу жылдар» романын бузуку чыгармалар катарына кошуп, андан «панисламизм», «пантюркизм», «национализм» сыяктуу «измдерди» таап чыгышкан.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 2005-жылдын 26-февралында АКШнын Кыргызстандагы элчилигине нота жолдогон. Нота Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янгдын бир күн мурда «Лимон» гезитине берген интервьюсуна байланыштуу жөнөтүлгөн. Элчинин көз карашына ылайык, шайлоо учурунда демократияга байланыштуу проблемалар массалык мүнөз алса, ага эл аралык уюмдар кабатыр болоорун жана ал кыргыз-америкалык мамилеге терс таасирин тийгизээрин белгилеген.

Тышкы иштер министрлиги элчинин пикирин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү катары баалап, аны сабырдуулукка чакырып, дипломатиялык маданиятты сактоону өтүнгөн.

Петр I 1712-жылдын 26-февраль күнкү жардыгы менен айтылуу Туладагы курал заводун куруу туурасында чечим кабыл алынган.

Эльба аралына сүргүнгө айдалган Наполеон Боннапарт 1815-жылдын 26-февраль күнү түрмөдөн качып чыккан. Атактуу полководец 1-март күнү Франциянын түштүк жээгине чыгып, ал жерден өзүнүн 1000 чамалуу тарапташтары менен Парижди карай багыт алган.

Германия соту 1924-жылдын 26-февралында Адольф Гитлерди «Пиво путчу» үчүн сот жообуна тартып, 5 жылга эркинен ажыраткан.

Германиядагы Люфтваффе аталган аскер авиациясы 1935-жылдын 26-февралында уюшулган.

Дүйнөнүн, айрыкча Кыргызстандын автомобиль күйөрмандарынын сүймөнчүк машинасына айланган биринчи «Фольксваген» 1936-жылдын 26-февраль күнү завод конвейеринен чыккан.

Уинстон Черчилль 1952-жылдын 26-февраль күнү Улуу Британия өзүнүн атом бомбасын чыгаргандыгын жар салган.

Советтик аскерлер Чехословакия аймагынан 1990-жылдын 26-февралында чыгарылып баштаган.

Айтылуу англис драматургу Кристофер Марло 1564-жылдын 26-февраль күнү жарык дүйнөгө келген. Кристофер Марло Кембридж университетин бүтүрүп, бакалавр, андан кийин магистр даражасын алган. Чыгармачыл ышкысынан улам диний карьерага кайыл болуп, адегенде акте,р андан соң драматургдук кесипти аркалаган.

Атактуу француз акын-жазуучусу Виктор Гюго 1802-жылдын 26-февралында туулган.
XS
SM
MD
LG