Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Иран Бушердеги өзөктүк ишкананы алгачкы сынактан өткөрө баштаганын маалымдады


Иран Орусиянын көмөгү менен курулган “Бушер” (Bushehr) өзөктүк кубат ишканасында алгачкы сынак чараларын жүргүзө баштаганын маалымдады. Бул тууралуу Ирандын өзөктүк кубат компаниясынын басма сөз өкүлү Мохсен Ширази бүгүн билдирди. Сынак чаралары маалында байытылган урандын ордуна коргошун пайдаланылууда. Ширазинин айтымында, сыноо жараяны он күндөн бери жүрүүдө. Орусия Иранга 1,000 мегаваттык реактор курууга көмөк көрсөткөн, бирок аны сыноо чаралары Ирандын өзөктүк программасы өзөктүк согуш куралын өнүктүрүүгө багытталгандыгы тууралуу Батыштын кескин айыптоолорунан кийин улам кийинкиге калып келген. Үстүбүздөгү жылдын соңунда Бушер өзөктүк кубат ишканасы толук ишке кирээри күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG