Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Тажик бийлиги ыйык имамдын ысмын өз кызыкчылыгына пайдаланабы?


Тажикстанда мусулманчылыктын алгачкы мезгилиндеги белгилүү динаятчы Имам Абу Ханафинин китептери таркатылууда. Үстүбүздөгү жыл Тажикстанда мына ушул исламдын төрт ири агымынын биринин негиздөөчүсүнө арналган. Бирок бакйоочулар өкмөт динди өз кызыкчылыгында пайдаланып жаткандыгын сынга алышууда.

Имам Абу Ханифа (Ханафи) суни мусулманчылыгындагы төрт ири агымдын бирин негиздеген. Анын жолдоочулары бүгүн дүйнөдөгү мусулмандардын арасында 1 миллиардга чукулдап барат. Кыргызстан жана Тажикстандагы мусулмандар да мына ушул ханафи агымына кирет.

Мирзо Салимов - "Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчысы:

- Aбу Ханафини улуу имам деп билишет. Ал 8-кылымда азыркы Ирактын аймагында жашап, соодагер болгон. Ал өзүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму менен эл оозуна алынып, кийин диний эмгектерди жазган.

Анын айтымында, ханафилер агымы башка агымдардан кээ бир үрп-адаттары, шариятты аткаруудагы жана намаз окуудагы эрежелери менен айырмаланат:

- Алардын мисалы жакында Тажикстанда пайда болгон салафиттерден эң чоң айырмасы: ханафилер намаз окуганда "амин" дегенди шыбырап айтат. Ал эми салафиттер кыйкырып "амин" дегендиктен, мечиттерде чыр чыккан учурлар кездешүүдө.

Тажикстандын маданият министри Идибек Зийоевдин ушул шаршембиде кабарлашында, өлкөдө Абу Ханафинин философиясын жана идеяларын жайылтуу үчүн ал тууралуу китеп таркатылат. Тажик президенти Имомали Рахмон үстүбүздөгү жылды Имам Ханафинин жылы деп жатыялаган. Бийликтер буга байланыштуу конференциялар, семинарлар жана башка расмий иш-чаралар өткөрүлөөрүн билдиришүүдө. Тажикстанда өкмөт ар жылы кандайдыр бир теманы тандап алат. Буга чейин "Таза суунун жылы", "Акын Рудакинин", "Арий маданиятынын" жылдары болгон. Ошондой эле тажик тилине жана тажик эстрадасына арналган жылдар да өттү.

Мирзо Салимовдун айтымында, дин бийликтердин кадырын көтөрүүнүн эң күчтүү куралына айланууда. Байкоочулар да өкмөттүн динди, Абу Ханафидей ыйык адамдын ысмын прагматикалык максатта колдонуп жаткандыгын белгилешүүдө.

Абдулло Рахномо - тажикстандык ислам таануучу:

- Тажикстандын көз карандысыздыгынын алгачкы жылдарынан тартып, тажик өкмөтү бир нече ар кандай идеологиялык программаларды колдонуп көрдү. Башында алар динден ажырым коомго негизделген системага басым жасашкан. 1990-жылдардын экинчи жарымында зороастрийлердин баалуулуктарын жана алардын ыйык китеби Авестаны даңазалашкан.

Ислам таануучу жаңырган кылымда тажик өкмөтүнүн идеологиялык багыты кайра өзгөрүп, учурда ислам дини колдонууга алынып жаткандыгын белгиледи:

- 21-кылымдын алгачкы жылдарында Дүйшөмбү өкмөтү арийлердин баалуулуктарын жана арий цивилизациясынын маселесин алдыңкы планга чыгарды. Ал эми учурда ханафизм жана Улуу Имамдын жылы деп аталган долбоор биринчи планга чыкты. Булардын бардыгы бийликтер өзүнүн мыйзамдуулугун бекемдеп, эл арасындагы кадырын көтөргүсү келип жаткандыгын көрсөтөт.

Ал эми парламенттин мүчөсү, тажик мусулмандарынын мурдагы жол башчысы Ажы Акбар Турожонзода өкмөттү динге тегиз мамиле кылбагандыгын айыптады. "Бир жагынан биз исламдык баалуулуктарды даңазалайбыз, экинчи жагынан мечиттерди жабабыз. Мына соңку апталарда эле бир нече мечит жабылды" деп айтты Турожонзода "Азаттыктын" тажик кызматына. Ал эми Тажикстандын Исламдык кайра жаралуу партиясы былтыр Имам Ханафиге арнап конференция өткөрмөк болгондо, бийликтер ага уруксат бербей коюшкан эле.

XS
SM
MD
LG