Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Иран Бушер АЭСинде алгачкы сыноону өткөрүүдө


Сыноо Орусия тарабынан курулган бул атомдук-электростанцияны ишке киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Иран тараптын билдиргенине караганда, кечээ АЭСте инспекциялык сапар менен Орусиянын "Росатом" ишканасынын башчысы Сергей Кириенко жана Ирандын өзөктүк кубат боюнча мекемесинин жетекчиси Голамреза Агазаде болушту.
Орусиянын "Атомстройэкспорт" компаниясы кубаты 1000 меговаттык Бушер АЭСнин курулушуна катышууга 1995-жылы эле макул болгон. Бирок Батыш өлкөлөрүнүн Ирандын өзөктүк программасы өзөктүк курал жасоого багытталган деген ырастоолорунан улам иштин башталуусу бир нече ирет кийинкиге калтырылган.
Бушер АЭСи эми ишке толугу менен быйыл жыл соңунда кирүүсү мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG