Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Өзбекстан Ооганстанга аскерий эмес жүк ташууга АКШга уруксат берди


Өзбекстан өз аймагын пайдаланууга АКШга уруксат бергенин президент Ислам Каримов кечээ Ташкентте Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен өткөргөн маалымат жыйынында жарыялады. Каримов ага катар Ооганстанга колдоо көргөзүү маселесинде четтен кандайдыр бир кысым болбош керектигин, ар бир өлкө өзүнүн жана Ооганстандын кызыкчылыгына негизденип аракеттениш керектигин белгиледи.
Ташкенттеги маалымат жыйынында Гурбангулы Бердымухаммедов да Ооганстанга аскерий эмес жүк ташууда Түркмөнстандын аба мейкиндиги колдонулуусуна макулдук бергенин билдирди. НАТО Түркмөнстандын аймагы аркылуу Ооганстандагы аскерлерине күйүүчү май ташуусуна Түркмөнстан буга чейин эле уруксат берген.
Кыргызстан өкмөтүнүн АКШнын аба-аскерий базасын өлкөдөн чыгаруу чечиминен кийин АКШ Ооганстандагы коалициялык күчтөрдү камчсыздоонун транзиттик жаңы жолдорун издөөдө.
Өзбекстан болсо мурдараак антитеррордук коалициянын алкагында өз аймагына жайгаштырган америкалык базаны АКШ жана Еврошаркет 2005-жылы Анжияндагы кан төгүүнү айыптагандан кийин жапкан болчу.

XS
SM
MD
LG