Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

А.Бекназаров: Конституциялык Сот Бакиев каалагандай чечим чыгарып берет


Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров март ыңкылабынын алдындагы окуялар, азыркы кырдаал жана президенттик шайлоо тууралуу “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.

- Маегибизди мындан төрт жыл илгери башталган тарыхый окуялардан баштасак. 2005-жылдын 28-февралына парламенттик шайлоо белгиленип, Кыргызстандагы ошол кездеги эң таасирлүү күчтөрдүн бири болгон Кыргызстан элдик кыймылы күчүнө кирип калган мезгил эле. Мына ошол февралдын соңку күндөрү кандай чечимдер кабыл алынган эле?

- Эң тарыхый чечим деп мен 25-февралда Жалал-Абад шаарында рахматы Жусуп Бакиевдин үйүндө 2-3 мартта ушул Жалал-Абад шаарында Кыргызстан элдик кыймылынын биринчи эң чоң саясий акциясын өткөрүү чечими кабыл алынганын атайт элем. Бул чоң тарыхый окуя болуп калды. Бирок ошол 2-3 мартка белгиленген акциябыз өтпөй калып, ал 4-мартта болуп, эл ошол убактагы губернатор Жусуп Шариповду кууп чыгып, Жалал-Абад облусуна 4-мартта элдик бийликти орноткон эле. Же болбосо 2005-жылдын март ыңкылабынын биринчи башталышы жана биринчи жеңиши деп мына ошол окуяны атайт элем.

Бирок негизинен 28-февралда өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоо ошол жылдын ушул күндөрү ал кездеги өкмөт башчысы Николай Танаевдин “Жирный крест” деп аталган планы боюнча ишке ашырылып, оппозициядагы Исаков, Бакиев, Мадумаров, Текебаев, Садырбаев, Бекназаровго окшогондорду өткөрбөө боюнча абдан чоң аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы менен эсте калат.

- Бийлик мына ошол кезде оппозиция менен сүйлөшүүдөн баш тарткан мезгил эле. Азыркы кезде да ошол кездегидей окуя кайталанып жаткан жокпу?

- Мен ошол кездеги Танаев башында турган “Жирный крест” деген материалды кечээ күнү окуп чыгып, азыр Данияр Үсөнов башында отуруп алып, оппозицияны басып салыш керек, жок кылыш керек, иш козгош деген багытта опурулуп жатканы оп-окшош экенин байкадым. Баягы эки тамчы суудай окшош. Бийликтин аракеттери, жер-жерлерде жүргүзүп жаткан саясаты, саясий куугунтуктоолор ошол 2005-жылдын февраль, март айындагы жагдайга кадимкидей окшоштугуна бир жагынан таң калып жатам.

- Азимбек мырза, бул бийликтин табиятынын ушундайлыгынанбы, же бизде ыңкылаптан кийин тең салмактуу саясий системанын түзүлбөй калганынанбы?


- Ошол эле Акаевдин убагындагы саясий системанын өзгөрбөгөнүнөн. Ошол эле ыкма менен мамлекет башкарылып жатканынан, же болбосо үй-бүлөлүк башкаруу, ошол үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн айрымдары мамлекеттик саясатты жүргүзүп жатканынан ушундай болуп жатат. Бизде Акаевдыкындай үй-бүлөлүк башкаруу калып, саясий система өзгөрбөгөнү тастыкталып жатат.

- Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Асылбек Жээнбеков Конституциялык Сотко кайрылып, президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктап берүүнү өтүндү. Сиз штаб башчысы болгон БЭК мындай арыз менен кайрылбоого СДПКага сунуштаган эле. Анда бул кандай чечим болуп калды?

- Ал жигиттин мындай иш-аракеттерин мен эл катары эле уктум. Социал-демократиялык партиянын жетекчиси Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшсөм, “биз андай ишке барбайлы деп чечим кабыл алган элек, Жээнбеков биз менен кеңешпей эле берип салыптыр” деп мага жооп берди. Жээнбеков партиянын ички тартибине баш ийбей, өз билемдик кылып берсе, мен ойлоймун, анда Социал-демократиялык партиянын ичинде эч кандай ынтымак жок. Партиялык тартип жок экенин тастыкталууда. Социал-демократтар береби, башка береби бул бийликке түзүлгөн оңтойлуу шарт. Конституциялык Сот ким кандай деп арыз бергенине карабайт, ал Бакиев кандай айтса, Бакиевге кандай ылайык чечим керек болсо, ошондой чечим чыгарып берет.

- 2009-жылдын күзүнө президенттик шайлоо белгиленип калса, оппозицияда даярданууга убакыт жана мүмкүнчүлүк болобу?

- Бизде убакыт бар. Биз да ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Биз ар кайсы учурда даярбыз. Эң башкысы эл даяр. Бакиевдин ким экенин азыр эл билет. Биз мурдагыдай бурмалоо жолу менен каалагандай чечим кабыл алып алабыз дегенге каршы турушубуз керек. Ошого жол бербешибиз керек. Негизи шайлоого даяр болуу деген мына ошол.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG