Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

АКШ Мамкатчысы Ооган,Пакистан Тышкы иштер министрлери менен жолугат


Хиллари Клинтон жана Рингар Дадфар Сапанта менен Шах Мехмуд Курешинин ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүү Вашингтондо бүгүн өтөөрү күтүлүүдө. АКШ учурда ооган-пакистан чөлкөмүндөгү стратегиясын кайра карап жаткан кези.

АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстанга кошумча 17 миң аскер жөнөтүлөрү боюнча өткөн аптада жасаган жарыясынан кийин ооган жана пакистан тышкы иштер министрлери ушул аптада Вашингтондо сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Кечээ америкалык маалымат каражаттарга берген интервьюларында Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши Вашингтонду анын өлкөсүнө учкучсуз учактарды берүүгө чакырды. Пакистандык министрдин айтымында, мындай шартта алар Ооганстан менен чегарада жашырынып жүргөн согушкерлерге өздөрү сокку ура алмак.
Пакистан өкмөтү өлкөнүн аймагында согушкерлерге каршы ушундай соккуларды АКШ жасоосуна каршылык билдирип келүүдө.
Пакистан Тышкы иштер министри ага катар Сват өрөөнүндө талиб согушкерлери менен жетишилген тынчтык келишимине ылайык шарият мыйзамы киргизилүүсү боюнча тынчсыздануулардын негизги жоктугун белгиледи.
Шах Мехмуд Курешинин айтымында, Пакистан аймакта "ал-Каида" согушкерлери болуусу менен келише албайт жана Талибан бийлик жүргүзүүсүнө жол бербейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG