Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

Алайда дагы кар көчкү жүрүү коркунучу бар


Чукул кырдаалдар министрлигинен алынган маалымат боюнча 24-февралда түшкөн кар көчкүнүн алдында калган эки кишини издөө иштери уланууда. Аларды издөөгө жергиликтүү тургундар да активдүү катышып жатышат. Бирок райондук бийлик аймакта дагы кар көчкү түшүү коркунучу бардыгын белгилеп, издөө иштерин тиешелүү техникалар жана ыкчам адистердин катышуусу менен тездетүүнү өтүнүп, ЧКМге кайрылган. Министрликтин маалыматы боюнча бүгүн Алайдын Бүлөлү айлындагы Узун-Төр-Колчаты участогуна дагы кошумча куткаруучулар жиберилди. Бул кырсыкты жөнгө салууга чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев өзү көзөмөл кылууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG