Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

“Манас” аба базасы боюнча дагы бир келишим денонсацияланат


Аскердик “Манас” аба базасы боюнча дагы он бир өлкө менен түзүлгөн келишимди денонсациялоо маселесин азырынча Коммунисттер фракциясы гана карап, кыргыз өкмөтүнүн чечимине макулдугун берди. Калган фракциялар карай элек. ЖК маалымат кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай антитеррордук күчтөрдүн аба базасын чыгарууга байланышкан документ КР ТИМ тарабынан парламентке өткөн жумада эле берилген. Бирок ал тиешелүү комитеттердин да кароосунан өтө элек. Тиешелүү комитеттердин жана фракциялардын кароосунан өткөн соң, “Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча Австралия, Дания, Италия, Испания, Корея, Нидерланды, Норвегия, Түркия, Жаңы Зеландия, Франция жана Польша мамлекеттери менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу маселеси ЖК регламенти боюнча жалпы отурумга алынып чыгылат. Бул маселеге депутаттар шайлоочулар менен жолугушуп келгенден кийин, 2-марттан кийин кайрылышары айтылууда.
19-февралда Жоргоку Кеңеш “Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча АКШ өкмөтү менен түзүлгөн келишимди денонсациялоого макулдугун берген. Бул мыйзам долбооруна КР президенти К. Бакиев 20-февралда кол койгон. “Манас” аба базасын чыгаруу туралуу кыргыз бийлигинин нотасын КР ТИМ ошол эле күнү АКШнын Кыргызстандагы элчилигине тапшырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG