Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:31

Бишкекте кан донорлугуна арналган атайын иш-чара өтүүдө


Ушул тапта Технология университетинде кан донорлугунун мааниси боюнча студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда өлкөнүн ооруканаларында канга зарыгып аткан оорулуулардын абалын түшүнгөн студенттер ошол жерден эле кан тапшыра алышат. Республикалык Кан борборунан “Азаттыкка” маалымдашкандай бул акция өткөн жылдан бери уланып келе жатат. Борбордон кошумчалашкандай өз ыктыяры менен кан берген донорлордун саны жыл өткөн сайын азайып баратат, оорулууларга кан бергендердин дээрлик 95% алардын туугандары. Ал эми ардактуу донорлордун саны үч миңге жетпейт. Өткөн жылы 28 миң донордон 14 тонна кан жыйналган, ал эми 2000-жылы бул көрсөткүч эки эседен да көп болчу. Республикалык кан борборунун маалыматы боюнча кан тапшыруу ага зар болуп аткан оорулуу үчүн гана эмес, канын берген адамдын ден соолугу үчүн да пайдалуу, ал эми бир донордун каны эки чоң кишиге же төрт жаш балага куюуга жетет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG