Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

“Түндүк электро” март айы үчүн 299 млн. 880 миң кВт. саат электр энергиясын берет


Бул аталган ишкананын март айында электр энергиясын пайдалануу үчүн керектөөчүлөргө берүүчү лимити. Ал февраль айына коюлган чектен дээрлик 2 эсе аз, бүтүп бараткан айда “Түндүк электро” АКсынан 517 млн. 440 миң кВт. саат электр энергиясы пайдаланууга берилген. Алсак: Чүй облусу үчүн март айына 130 млн. 180 миң кВт. саат электр энергиясы берилсе, ал февраль айында 234 млн. 740 миң кВт. саатты түзгөн. Талас облусу февралдагы 46 млн. 600 миң кВт. сааттын ордуна март айында 22 млн. 600 миң кВт. саат электр энергиясын пайдалана алат. Бишкектиктер болсо жаздын алгачкы айында 147 млн. 100 миң кВт. саат электр энергиясын жагууга мажбур. Февралда борбор калаа үчүн берилген лимит 236 млн. 100 миң кВт. саатты түзгөн. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG