Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:59

Бийлик эми жарандык коомду ооздуктоого аракет кылууда


Мындай пикирин “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова 26-февралда жыйында билдирди. Бүгүн Кыргызстандагы коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар парламенттин “Коомерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” жана “Юридикалык тараптарды мамлекеттик каттоого алуу жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы жыйын өткөрүштү. Анда жарандык коом өкүлдөрү аталган демилге бийликке жарандык коомду ооздуктоого шарт түзүп, саясатты өзү каалагандай жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк берет, деп белгилешти. Ошондой эле жыйындын катышуучулары парламенттин демилгесине каршы жарандык коомду жактап кол чогултуу, эл аралык уюмдарга жана мамлекет башчысына кайрылуу жолдоо сыяктуу аракеттер менен бул жараянды токтотууга көмөктөшүүгө коомчулукка чакырык жолдошмокчу. “Жарандык коомдун ишин көзөмөлдөөгө, алардын ишмердүүлүгүнө бут тосууга атайын мыйзам аркылуу жол табуу буйругу бийликтен келип түшүүдө,” дейт укук коргоочу Динара Ошурахунова.
Ал эми депутаттар Исхак Масалиев, Нургазы Айдаров жана Арапбай Төлөнов кооммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, Кыргызстанга келген каражаттардын террорчул жана экстремисттик уюмдардын колуна түшүп калышын алдын алуу максаты менен негиздеп жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG