Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Бүгүнкү гезиттер Кыргызстандын саясый-социалдык, экономикалык турмушунун ар кыл жактарына сереп салган макалалар менен жарыкка чыкты.

“Лица” гезити “миллиарддаган доллар шамалга чачылууда” деген рубрика алдында кыргыздарды ашынган аш-тойлор союп келатканын, жергиликтүү байкоочулардын пикиринде бул адат жакын араларда жоюлбай тургандыгына атайын макала арнады. “Бишкек консенсусу” деп аталган экономикалык саясат институтунун өткөн жылдын аягында өткөргөн иликтөөсү боюнча, кыргызстандыктар аш-тойлор үчүн эле жылына миллиард долларга жакын чыгым болушат. Гезит андан ары мындай бир далилди ортого салат. Урмат менен Зарина аттуу эки жаштын үйлөнүү үлпөтүнө баш-аягы 10 миң доллар сарпталган.

Кыргыздын белин мертинтип келаткан бул сыяктуу ашыкча ыгым-чыгымдардын жолуна бөгөт коюу максатында бийлик иш жүзүндө эмес, кагаз жүзүндө аракет кылган. 2006-жылы аткаминерлер өзүлөрү өткөрүп келаткан мындай “майлуу-чыктуу” тойлорду токтотуу боюнча өкмөттүн токтомун токуган. Бирок токтом томуктай эт менен кошо жок болду. Ошондуктан көрүнүктүү дин өкүлдөрү жана таасирдүү адамдар биргелешип, элди аеосуз “тоноп” жаткан мындай ысырапкорчулукка кемээч салуу керек. Аны ири алды менен Ак үйдүн эң жогорку аткаминерлери өздөрү аткарууга тийиш. Ошондо гана бул демилге карапайым калктан колдоо табат. Анын үстүнө ансыз да каржалып, кара жанын эптеп багып жаткан эл мындай ашкере ыгым-чыгымдын кулу болуудан тажап бүттү.

“Аалам” гезити бул маселенин башка өңүтүн козгогон журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун макаласына орун берди. Макала “Өлсөм, канча сом болот?” деп аталат. Өлүк зыйнатынын айланасындагы мүрзө чыгымдары тууралуу кеп кылган автор, орус өлсө көр акысы – 2 миң 800 сом, мусулман өлсө - 3 миң 200 сом турарын, анткени акысы көрдүн тар же кенен казылгандыгына байланышканын, мындан тышкары гүлчамбары, унаа акысы 3-4 миң сомго жетерин, баш-аягы биригип 10-12 миң сомду чапчып жыгыларын сөз кылат. Автор жылдан жылга сөөк жашырганга жер жетпей баратканын, меселен, жалаң атактуулардын сөөгү жатчу Ала-Арча көрүстөнүндө бир жылдык гана лимит калганын баяндайт.

Гезит ошондой эле эркин журналист Үсөн Касыбековдун “сомдолоор сом” аттуу рубрика алдындагы экономика темасын иликтөөгө алган макаласын окурмандарга туртуулады. 5 миң сомдук жаңы банкноттун жүргүзүүгө киргизилип жаткандыгына тотколгон автор аны Улуттук Банктын сомду девальвациялоо боюнча даярдык көрүп жатканы катары түшүндүрдү. Ири банкнотту пайдаланууга киргизүү акчанын девальвациялоо алдындагы ашмалтай болгон кадамдарынын бир деп баалады ал. Баяндамачынын байкашында, улуттук валютанын девальвациясы баанын өсүшүнө алып келери талашсыз. Ансыз да жакыр эл дагы жакырланат. Ошондуктан саясый жана экономикалык ресурстары кунарсыз, ишин тыңгылыктуу жөндөй албаган азыркы бийликтен элдин келечекте бардар жашап кетишин камсыз кыла алат деп үмүт кылып кереги жок деп аяктайт макаласын журналист.

Ушул эле санга Семетей дин жарчысы Жаныбек Жанызактын “Улутпу?”же ”Элби?” деген аталыштагы макаласы жарык көрдү. Автор аталган макаласында “кыргыз” деген түшүнүк менен “улут” деген түшүнүктүн таржымалын чечмелеп, окурмандарды ой калчоого чакырган.

“Бийлик коомдук палата түздү. Бул палатанын элге кандай таасири тиет деп ойлойсуз?” деп суроо койгон “Учур” гезити айрым атуулдарга кайрылып төмөнкүдөй жооп алды.

Ош дубанынын мурдагы губернатору Анвар Артыков: - Менимче бул баягы эле дүжүр чалдардын башкача бир түрү. Элдин кеңеши да, сунушу да эске алынган жок. Муну мен эч кандай коомдук деп эсептебейм.

ЖК депутаты Бакыт Бешимов: - Өлкөдө Жогорку Кеңеш, аткаруу бийлиги да бар болсо палатанын кажети барбы? Көрөлү кандай иштейт экен?

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова: - Муну менен бийлик адам укугун коргоп жаткандардын үнүн өчүрүүнүн айласын издеп жатат.

Кыргызстан компартиясынын төрайымы Клара Ажыбекова: - Палата эң биринчи энергетика маселесин көтөрүп чыгышы керек. Анткени эл аралык валюта фондунун көрсөтмөсү менен мамлекет энергетика тармагын сатканы жатпайбы?

Саясатчы Алик Орозов: - Бул жөн эле көз будамайлаган аракет катары көрүлөрү бышык.

“Интербилим” борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева: - Алар баары бир элге жан тартпайт. Анткени коомдук палата эл тарабынан шайланган жок.

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: - Палата мүчөлөрү өмүр бою бийликке кызмат кылып жүгүнүп жүргөн адамдар. Маселен, Орусиянын ушул сыяктуу палатасында академик Великов өңдүү аты дүйнөнү дүңгүрөткөн адамдар бар. Ага салыштырганда биздин коомдук палатадан чеке жылытарлык адам көргөн жокмун.

Чүй дубанынын мурдагы губернатору, коомдук палатанын мүчөсү Тургунбек Кулмурзаев: - 28-февралда палатанын чоң жыйыны болот. Мына ошондо оюбузду билдиребиз.

“Учур” гезити ошондой эле “Ак үйдү Алай солкулдатабы?” деген макаласын басты. Гезит кабарчысы Манас Осмон кыргыз коомчулугу учурда боткодой кайнап жатканын, алтургай Акаев башкарган алгачкы 5 жыл ичинде да мындай көр саясат болбогондугун, бүгүн бийлик жагымпоздору оппозиция лидерлерин куугунтукка алып жатканын Исмаил Исаков жана башкалардын мисалында сөз кылды жана кыргыздын аттуу-баштуу Н. Касиев, И. Абдуразаков, М. Шеримкулов, Т. Усубалиев өңдүү аксакалдары бийликке үн катпай олтургандыгын айтты.

Чала иштелген бойдон кабыл алынып, кайра токтотулган жаңы салык кодексинин айланасындагы талаштын илеби сууй элек. “Дүйнөлүк финансы кризиси Кыргызстанга да тийип жатат. Мамлекеттин казынасына чет өлкөдө иштеген жердештерибиз 1 млрд. доллар жөнөтүп турушчу эле, эми ал сумма кыскараганы турат” деп белгилеген Кыргызстан ишкерелер бирикмесинин президенти Чыныбай Турсунбеков жаңы жарык көргөн “Айат пресс” гезит аркылуу. Ал интервьюсунда Орусияда рублдин, Казакстанда теңгенин куну кеткендигин, килейген Кытайда жумушсуздардын саны 30 млн. адамга жеткенин мисалга тартты. Белгилүү ишкердин айтымында бирок быйыл буудай тартыштыгы болбойт. Бирок мамлекет салык төлөөчүлөргө жеңилдик берип, текшерүүлөрдүн санын кыскартууга тийиш, ошондо гана өлкөнүн алга жылышына оң таасири тийет. Тескерисинче өлкө салык төлөөчүлөрдү канчалык кысымга алса, ошончолук салык төлөмдөрү азайып, өндүрүш да, ишкерлик да токтойт, казынага каражат аз түшөт.
XS
SM
MD
LG